www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр дүйнөлөшүү агымы катуу жүрүүдө. Дүйнөлөшүүнүн чоң толкуну 100 жыл ичинде бир нече улуттарды "жеп" жок кылаары тууралуу БУУнун чыгарган изилдөөсү бар. Ага кыргыздар да кирип калган.
Улут кантип жок болот?
Биринчи тилинин жок болушу (Улут өз тилине кызыкпай калышы)
Экинчи: руханий дүйнөсүнөн айрылышы. Нарк, каада-салтын унутуп, башка кайсыл бир улуттун нарк каада салтын бийик тутушу.
Улуттук ишенимден айрылышы. Тарыхын, өткөн ата баба жолун жолдобой кайсыл бир башка улуттун тарыхын, динин окуп ошолорго чөгөлөшү.
Бүгүн кыргызда ушул үч коркунуч тең "Домогдун кылычындай" башыбызда салаңдап турат.
Эң коркунучтуусу улам кийинки жаштардын сабатсыз боло башташы. Сабатсыздар башкалардын ар кандай азгырыгына бат оойт. Жогоруда байкадыңар экономикалык жетишсиздик улутту жок кылуу коркунучунун башында турбайт. Экономика бүгүн начар болсо эртең оңолот. Руханий жакырланууну оңош кыйын.
Эльнура Кулуева
Булак: NazarNews.kg