www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков кечээ, 13-июнда ушул жылдын 15-октябрында өтө турган перзиденттик ат салышууга катыша тургандыгын кабарлаган.
Бирок Жогорку сот менен БШК Акматбек Келдибековдун соттуулугу 2-17-жылдын 8-ноябрда гана алынарын чоочугандай эле жар салды. Президенттикке талапкер болгон Ахматбек Келдибеков мындан аркы кадамын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
"Президенттикке мындан ары да ат салыша берем. Ат салышуума тоскоолдук жок. Соттолгон деген статусту алдырып коюунун мыйзамдуу жолдору бар, биз мыйзамдын чегинде аракетти улантабыз. Аны азыр ачыктап жибергеним болбойт, ар бир саясатчынын өзүнүн тактикасы болот. Негизи, мындан чоӊ трагедия жаратуунун кажети жок. Үчилтиктин өзүнүн стратегиялык тактикасы бар. Биз шайлоодо жеӊишке жетишебиз деп ишенем", - деди Келдибеков.
Ахматбек Келдибеков алдыдагы президенттик шайлоого 10дой талапкер чыгып, негизги күрөш 4-5 талапкердин ортосунда жүрөт деп жоромолдоодо. Эскерте кетсек, 13-июнда Жогорку Сот Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюларын маалымдады.
Мекемениннн билдиришинче, Келдибеков 2016-жылы 8-ноябрда сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду толугу менен төлөп бүткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда соттолгон деген статусу жоюлат.
Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"