www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чудосу» болбой жатып, чуусу чубалган айтылуу Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду. Ачыгын айтыш керек, бул эргулга мындай кылмыштын бери дегенде бешөө эчак эле козголуш керек эле. Таба эмес, тобоо дейбиз албетте, бирок массалык маалымат каражаттары канча ирээт бул «чудочунун» кереметтерин жазып, айтып келсе да эч көӊүл бурулчу эмес.
Атургай Кыргыз элинин тагдырын калчоо үчүн Жогорку Кеӊешке чейин «байпакчан» кирип алган. Айтор, Кыргыз «кыӊыр иш кырк жылда» — деп айтат эмеспи, анын сыӊары айыбы ашкереленүүдө. Эми ушул ишти өлкө башчысы өз көзөмөлүнө алып, аягына чыгарса экен. Болбосо берчүсүн берип туруп чыгып кетүү Чудиновдун оюна келбей коймок беле. Буга чейин деле андай «ходдордун» далайын жасап жүргөнүн билебиз да.
Булак: de-facto.kg