www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги “Чоң Казат” партиясынын лидери Канат Хасановду кепке тартып, аны дебатка чакырып, Куран карматам деген жагдай боюнча баарлаштык.

--Канат мырза, “Чоң Казаттын” тең төрагаларынын ортосун кара мышык араладыбы?

--Кудай сактасын, кара мышык аралап, араздашкан деле жерибиз жок. Баштагыдай эле иштеп атабыз. Болгону, партиябыздын аты катуу чыгып, элдин колдоосуна алынып кеткенибиз кимдир бирөөлөргө маселе жаратып жатат окшойт. Ошон үчүн ыдыраталы деген  аракет жасалгандай сезиле баштады.

--Баары жакшы дегениңиз менен Сыймык Жапыкеев сиз менен Максат Маматкановду кууп чыгыптыр го?

--Кайдан кууп чыгыптыр? Биринчиден, биздин ортобузда бири-бирибизду кууп чыга турган жагдай деле жок. Экинчиден, ал офис менин юридикалык компаниямдыкы. Өзүмдүн офисимден Сыймык мени кантип кууп чыгат эле. Ал офис меники экенин көптөр билбейт. Ошон үчүн “Чоң Казаттын” офиси деп ойлошот. Бир жагында мен кайрылгандарга юридикалык кызматымды көрсөтсөм,  бир жагында “Чоң Казат” өз ишин кылат. 

--Мигранттардын тишинин кирин соруп жүрүп чогулткан акчаларын, пенсионерлер ичпей-жебей берген каражаттарын партиянын ишмердүүлүгүнө жумшабай, жеке кызыкчылыгыңарга пайдаланып  койдуңар беле?

--Элден чогулган, мигранттардан келген каражатты жеке турмушубузга колдонуп коймок турсун, эсептен ала элекпиз. Тагыраагы, кол сала элекпиз. Кудай буюрса, ал каражатты шайлоо күрөөсүнө кошолу деп ниет кылып жатабыз.

--Элден чогулган каражаттын суммасы 20 миң долларга чамалап калдыбы?

--Кайдагы 20 миң доллар. Ашып кетсе 250 миң сомдой эле болот. 5 миллион күрөө табыш үчүн дагы акча табышыбыз керек.  

--Элден чогулган каражатка кол сала элек болсоңор анда неге Мелис Аспеков  20 миң доллар алып алды деп  күйүп, бышып жатат?

--Ал кайсы каражатты айтып, күйүп, бышып жатканын деле билбейм. Чынында 20 миң доллар алып алмак турсун, тапкан каражатыбызды “Чоң Казатка” салабыз. Максат Мамытканов 7000 доллар, Жаркынбек 550 евро, Сыймык Жапыкеев 1000 доллар берген. Ал кайдагы 20 миң долларды айтып жатканын билбейм. Сыягы, эки жолу камалган Аспеков шайлоого катышуу үчүн соттолгонун алдыруу үчүн өзү бирөөлөргө 20 миң доллар берейин деп аткан окшойт. Анткени, ал илешкен иштин баарында эле 20 миң доллар тууралуу маселе көтөрүлөт экен. Мелис Аспековдун бул кадамынан кийин неге “Чоң Казатка” аралашып жатат, эмне үчүн бизди каралоого аракет кылды деп тымызын иликтей баштадык. Себеби, эркек болуп туруп, калпты кураштырып, чындай айтканга, ушак таратканга маш экен. Мунун кылыгына таңгалып жатабыз. Кыскасы, Мелис Аспековдун бизди каралоого жасаган аракетинен улам, мүмкүн эл оозуна алынып кеткен “Чоң-Казатты”  бүлүндүрүп берем деп бирөөлөрдөн тапшырма алганбы деген ойго да кептелип  жатабыз.  

--Ал  “Чоң Казаттын” курамында беле?

--Эки жолу келип, ишенимибизге киргенге аракет кылып, биз көтөргөн демилгени колдоорун айткан. Анын мурдагы иштерин жакшы билгенибиз үчүн курамыбызга кошмок турсун, салкын эле мамиле кылганбыз. Ошондо да өзүнүн досун бизге тыңчы кылганга үлгүрүптүр. Сыягы, чындыкка караандабаган сөздөрдү досунан угуп айтып жаткан окшойт. “Чоң Казатта” тең укуктуу үч лидер бар. Үчөөбүз маселени  кеңешип, бирдикте чечебиз. Тагыраагы, ар кимбиз өз аргументибизди айтабыз. Анан орток пикирге келебиз. Ошентип бакылдашып сүйлөшүп жатсак, эшиктин тышынан тыңшаган досу биз тууралуу туура эмес маалымат жеткирген окшойт.

Ошон үчүн ойго түшкө келбеген кептерди таратып, ортобузда ырк кеткендей таасир калтырууга аракет кылып жаткандай. Бирок, биз Мелис эмеспиз да. Ал ойлогондой иш кылбайбыз. Мелиске окшогондорду билели деп мен атайын акылдашып  туруп, убактылуу эс алууга кеткем. Оюу  жаман экен заматта жүзүн көрсөтүп алды. 

--Мелистин “Чоң Казат” менен тыгыз иштешпесе, эмнеге Кубанычбек Жумалиев менен дебатка чыгып,  Куран карматып, өзүнчө эле “Чоң Казаттын” мүчөсүндөй таасир калтырды?

--Жумалиевдин байлыгынан шек санаганыбызды айтып, маселе көтөргөнүбүз чын. Жумалиев менен түз эфирдеги дебатка чыккыбыз да келген. Мен чыгайын деп акылдашкыча эле кайдан жайдан бизге тиешеси деле жок  Мелис Аспеков  Жумалиев менен дебатка чыгып,  Куран кармата салыптыр. Чынында Куран Мелис ар кимиге кармата турган, калп айтканын же чын айтканын текшере турган детектор лжы эмес. Билсе  Куранды даарат алып,  Алла Талаанын атын оозанып анан кармайт. Кармаган киши менен карматкан кишинин жоопкерчилиги Жараткандын алдында бирдей эле болот. Ал жерде Мелис Жумалиевге Куран карматтым деп өзүн укмуш периште сезбей эле койсун. Анын Куран карматканы баатырдык эмес акылсыздык.

--Сиздерди да дебатка чакырып жатат го. Куран карматып, катачылыгыңарды бетиңерге айтып, өз кызыкчылыгыңарга колдонуп койгон  каражат  үчүн уяткарат экен го?

--Кайдагы бир суу кечпеген ушакчы үчүн Алла Талаанын атын оозанып, эң ыйык куранды кармап, актанбай эле койдук. Биз Мелистин жалган жалаасынан коркпойбуз. Кайдагы бир жалганчы бок үчүн куран кармап, ыйык куранга шек келтиргибиз келбейт.

--Силердин партияны, уюмду Камчы Көлбаев 100 миң доллар берип түзгөн деген маалыматтар бар. Ошол чынбы?

--Бизди Камчы Көлбаев түзгөн эмес, 100 миң доллар да берген эмес. Биз үчөөбүз өзүбүз түзгөнбүз. Келечекте шайлоого барабыз. Мамлекетте адилеттүүлүк орун алышына салым кошолу деген аруу тилек менен шайлоого аттанып  жатабыз.

--Шайлоодо каражаттан кыйналып калбайсыңарбы?

--Биз башка партиялардай көп каражат коротпойбуз. Бизди эл колдоп жатат. Тагыраагы, элдер өздөрү жер-жерден штаб ачып жатат. Ошон үчүн башка партиялар короткондой каражат коротпойбуз. Буюрса, эл өзү колдойт. Биздин программаны колдоп, демигелерибизди колдоого алып, ишке ашыралы дегендер көп. Буюрса, шайлоодо ак жүрөк, мамлекеттин өнүп-өсүшүн каалаган, жеп-ичкендер жоопкерчиликке тартылсын деген жарандарыбыз бизге добуш берет деген ойдобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости