www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Эмилбек Каптагаев өлкөнүн учурдагы абалы тууралуу пикирин билдирди.

“Президентке карата чабуул жасап, уюштуруп жаткандар бир чындыкты жакшы түшүнсө дейм... Учурда Өлкө үчүн башаламандык өлүмгө тете... Азыр бирдеме болуп кетсе бир дагы саясий лидермин дегендин, бир дагы саясий партиянын бийлигин жалпы эч ким тааныбайт, моюнга албайт... баш ийбейт... Эч бир киши элдин алдына чыгып толкунду токтото албайт... Андай инсан жок!!! Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков кандай айтсак дагы коомду, мамлекетти консолидация кылуучу жалгыз легитимдүү Институт, башка жок. От менен ойнобойлу, бир колубузду ачуусун бир колубуз менен басып, сабыр кылалы... Алааматтан чыгып кеткенче биримдикти сактайлы. Ар кимдин жооп берчү учуру алдыда... Азыр кимибиз жашайбыз, кимибиздин ажал бул дарттан экендигин бир Кудай билбесе эч ким билбейт.... Аман бололу! Жараткан ошол күндөргө жеткирсин дейли...”, - дейт Эмилбек Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости