www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-2-июнь күндөрү борбор калаабызда болуп өткөн КРнын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин жеке концертинде Казакстандын жаркын жылдызы Нурболат Абдуллин конок болуп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады. Өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги менен бийик турган Нурболат биздин редакцияда да мейман болуп, чакан маек куруп кайтты. Анда, төмөнгө назар салыңыздар!

- Салам, Нурболат! Кыргызстанга кош келипсиң!

- Саламатсызбы! Кош келдим, ырахмат! Бишкек шаарына экинчи ирет келип олтурам. Буга чейин үч жыл мурун келгем. Алгачкы жолу келгенимде Бишкек шаарын Алматыга абдан окшоштургам. “Кыргыз казак бир тууган” дегендей кээ бир каада-салтыбыз, ырларыбыз, элибиз окшош болгондуктан, мага баардыгы жагат. Буюрса, алдыда көп келип турам.

- Чыгармачылыкта көп убакыттан бери жүрөсүң. Кандай чыгармаларды аткарганды жактырасың?

- Бардык жанрдагы ырларды ырдай берем. Белгилүү бир жанрга байлангым келбейт. Ар түрдүүлүктү жактырам. Буга чейин мен домбра ырчысы болгом. Кийин гана эстрадагы өткөм. Димаш Кудайбергенов экөөбүз бир агайдан сабак алганбыз. Менде баардыгы аралаш, универсал ырчымын десем жаңылбайм.

- Универсал ырчы экениңизде чынында сөз жок. Себеби, сенин талантыңа күбө болуп жүрөбүз. Ырчылыктан сырткары бир нече тасмаларда роль жаратып келесиң. Тасма жаатындагы Нурболат тууралуу айтсаң?

- Тасма жаатына келүүмө талантым түрткү болду. Билим алган кесипкөй актёр эмесмин. Актёрлук чеберчилигим да идеалдуу эмес. Себеби, тасмага тартылып өзүмө жетиштүү тажрыйба, упай топтоодомун. Кудай буюрса, Турцияда же Лос-Анжелесте актёрлук чеберчилик боюнча билиим алсамбы деген ойлорум бар.

- Популярдуу болуу үчүн үмүттөнүү жана күтүү башкы ролду ойнойт эмеспи. Бул эки сапат сенде болгонбу? 

- Албетте. Ар бир жасаган ишиңдин, жемишин күтөсүң жана үмүт артасың. “Аракет кылсаң, берекет” дегендей, тынымсыз эмгектенип жаткан маалым.

- Кыргыз шоу бизнеси менен таанышсыңбы?

- Ооба. Бир чөйрө болгон соң таанышып, ырларын угуп, таланттуу инсандарды көрүп жүрөм. Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гулнур Сатылганова аттуу ырчыларды тааныйм. Бул ырчылардын ырлары, үндөрү, аткаруу чеберчиликтери мага абдан жагат жана таланттарын сыйлайм!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости