www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште мамлекеттик өнөр жай жана энер­гетика боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев деген бар. Кыязы, бул “өнүгүүчү” Бакиевдердин өрнөктүү ишин уланткысы келгенби же жөн эле зеригип сүйлөп койдубу, энергетикага болгон бааны көтөрүүнү Жогорку Кеңеште сунуштады. Зилалиевдин айтуусу боюнча Орто Азия аймагында энерге­тикага болгон баа Кыргызстанда аябай арзан жана андан түшкөн каражаттар менен башка жыртыктарды бүтөйт экенбиз.

Бирок, Кыргызстанда учурда өз жериңден чыккан электр энергияң башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгону менен, айлык маяна жана калктын калың катмарынын орточо кирешеси алардыкындай эмес да? Же бу депутат эсептөө деген нерсени билбейби. Зилалиевчилеп айына 30 миң-50 миңди кой, айына 500 сом таппаган үй-бүлөөр бар. Сүйлөөрдө кичине ойлонуп сүйлөсө болмок беле... Азыркы тарифти төлөй албай айласы кетип аткан элдин жонунан эми кайыш тилеби?

Булак: "Айгай"

Последние новости