www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик министри менен жоголду

Бизде Айыл чарба жана меллиорация министрлиги деген бар беле же жоюлуп кеткенби? Мындай суроонун келип чыгып жатышына кечээ айдоо-себүү иштери болгондо дагы айыл чарба министрлигинин дымы чыкпай эмне иш менен алек болуп жаткандыгын атайы көңүл бурсак да көрө албадык.Агрардык республика аталган өлкөбүздүн эл үчүн керектүү делген аталган министрликке чоң муштум Нурбек Мурашев деген неме келгенден бери, ал жактагылар быкшып өчүп калган оттой эле дайынсыз жок болушту.

Адатта, кур дегенде министрликтин иштери тууралуу башка кызматкерлери божурап турчу эле, Му­рашев барганы божурамак турсун, өздөрүнүн бар экендигин сурагандар көбөйдү. Өткөн чакырылышта депутат болгон Н. Мурашев оозун ачпай 5 жыл отуруп мөөнтүн өткөрдү эле, министрликке келип деле унчукпай айлык алуу ишин ийгиликтүү улантып жаткандай.

А айыл чар­ба болсо ушундай жөндөмсүз адамдын айынан муунуп баратат. Бирок, баары көрмөксөн. Министрлик жоюлбай тирүү иштеп жатышкан болсо бир дайынын билгизип коюшсунчу, анан дагы көргөн билгендер барбы ушул мини­стрликтин ишин?

Булак: "Айгай"

Последние новости