www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсызбы Чынара эже! Сиздин жолдошуңуз Каныбек Осмоналиевич өлкөбүздө белгилүү инсандардын катарына кирет. Ал киши эл ичинде ар дайым адилет оюн түз айта билген саясатчы катары эле эмес, урматтуу окумуштуу-физик, көрүнүктүү илим популяризатору катары дагы белгилүү. Айтыңызчы агайга кандай себептерден улам оор айып тагылып, азыр УКМКнын убактылуу кармоо жайына тартылып калды?

-Бул окуя мен үчүн, биздин үй-бүлөө үчүн күн тийип туруп эле капилеттен кар жаап жибергендей болду. Каныбек Осмоналиевич өзү жаны тынбаган мээнеткеч инсан. Ошондуктан, өзү күчү менен илимдин кандидаты жана доктору деген илимий даражаларга жаш кездеринен эле татыктуу болгон. Өлкөбүздүн эң алдыңкы интеллектуал инсандарынын бири десем жаңылышпаймын. Өзүнүн 43 жылдык педагогдук эмгек стажында миңдеген адистерди физика жана математика боюнча тарбиялап өстүрдү. Агайдын дагы бир касиетин айтпасам болбойт. Анын жарандык активдүүлүк позициясы укмуш бийик жана бекем. Кайдыгер эмес. Өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга ар дайым сересеп салып, өзүнүн пикирин эч кимдин көзүнө карабай билдирип келет. Агайыңдын мындай сапатын көпчүлүк журналисттер деле билет. Бир күнү, тагыраагы 2019-жылдын жай айларынын биринде үйгө абдан толкунданып капа болуп келди. Эмне болгонун сурасам: “Баягы эл үчүн күйүп түрмөдө жазыксыз отурган Садыр Жапаровдун бир уулу жол кырсыгынан каза болуптур!” – деп өкүнүп отурду.

Садыр Жапаров менен мамилеси кандай эле?

Ал жигит менен, мен билгенден, 2008-жылы экөө бир имаратта жетекчилик кызматтарда иштешкендери белгилүү. Каныбек Осмоналиевич дин агенттигин жетектесе, Садыр ошол эле илгери Агропромдук имараты болгон даректе Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Комиссар болгон экен. Маектешип, пикирлешип жүрүшкөндүктөрү көпчүлүккө эле маалым. Андан ары экөө тең Жогорку Кеңещтин V чакырылышынын депутаттары болуп калышты. Садырдын акыйкатсыз камалып жатканын мага дагы айтып калаар эле. Айрыкча, Садырдын баласы өлгөндөн кийин агайдын ичи эңщерилип эле кеткендей болду. Бир топко чейин бушайман болду. “Кайран бала! Түрмөдө отурганда атасы, апасы каза болушту! Эми мынтип чырактай болгон уулу Дастан кете бериптир! Кудай Садырды эмне мынча катуу сынады? Ал эми ага мунапыс же ырайым берүү себеп боло турган иштерин эмнеге маалкатып жатышат?” – деп күйпөлөктөдү. Садырды коргоо штабына барып өзүнүн пикирин билдирип жүргөнүн билчүмүн. Кийин декабрь айында иш-чараларды уюштурган Садырдын адамдары алардын ичинде аттуу-баштуу бир топ аксакалдар агайына массалык иштерге баш көз болуп, тынчтык жолу менен өткөрүү үчүн модератор болуп берүүсүн өтүнүшкөн экен. Каныбек Осмоналиевич макул болуп 2019-жылдын 19-декабрында Бишкектин Горький паркында өткөн митингге, 2020-жылдын 15-февралында өткөн тегерек столго модератордук кылып жүргөнүн билчүмүн. Эки иш-чара тең тынч абалда өтүп, анын катышуучулары президенттен Садыр Жапаровду мунапыс же ыйгарым жолу менен боштондук берүүсүн суранышкан. Бул окуялар ММКларда кеңири эле чагылдырылганы белгилүү. Анан ошондой эле форматта 2-мартта Борбордук аянтта көп адамдар катышкан тынчтык митинги уюшулду. Агайыңдын өзүнүн бир айтканы эсимде турат: “Садырды бошотуу демилгеси көпчүлүк Кыргызстандыктардын көйгөй иши болуп калыптыр. Эми бул сапар президент аны ыйгарым жолу менен азаттыкка чыгараарына көзүм жетип эле турат!” – деп шыктанып жөнөгөн болчу. Анан эле капилеттен Каныбек Осмоналиевичти өзүн камап коюшту. Менин бек ишенишим бар. Агай өзүнүн табияты боюнча жаратман киши. Деги эле бирөөгө жамандык кылмак турсун каттуу айтууга батына албаган адам. Өтө оор деп эсептелген кылмыш беренеси менен кармап отургандыктарынын өзү абсурд. Анын акталып кетишине көзүм жетип эле турат.

Агайдан кабар алууга мүмкүнчүлүк бериштиби? Абалы кандай экен?

Ооба. Тергөөчүгө рахмат айттам. Мыйзам чегинде кызым экөөбүз 16-мартта бир саат бою жолугуп алдык. Каныбек Осмоналиевич өзү абдан кайраттуу анан өжөр киши. Укмуш чыйралып алыптыр. Ар бир кадамын анализдеп, жазып алыптыр. Күнөөлүү эмес экенин бекем эле далилдеп алаарына көзүм жетип отурат. Эми ал үчүн тергөө менен сот иштери адилет болоор деген үмүт менен жашап келебиз.

Агайдын өзүнө жалгыз эле оор айып тагылыптыр деп уктук. Ушул чынбы?

Ооба. Каныбек Осмоналиевич менен бирге дагы бир көлдүк аял кармалыптыр. Ал кишиге кандай айып коюлганын биле абалдык. Эми ушул беш миңден ашуун митинг катышуучуларын 6-7 саат бою башкарып, тартипке чакырып туруунун өзү эле кандай чоң жүк. Биз аудио-видео материалдарын кылдат анализдедик. Агайдын бийликти басып алуу же тополоң уюштуруу боюнча бир дагы сөзү же аракети болгонун көргөн жокпуз. Ал, тескерисинче, элди тартипке чакырып, баардык кысымга чыдап туруптур. Элдин арасындагы провокаторлор көрүнүп эле турат. Аларды УКМК менен ИИМ тыгыз изилдеп жаткандыр деген үмүтүм бар. Каныбек Осмоналиевти кармап кеткендери деле кызык. Уйдө отурса эле эки жаш бала кирип келип, Сиз көчөдөгү хулигандык кылган балдарга кайрылып, тынчытып бериңизчи дешип, толук кийимдери жок эле машинага салып алып кетишиптир. Эч кандай чакыруу кагазы же адвокаты жок эле тергөөчү Эрлан Султанов деген жигитке жеткиришиптир. Кечки саат 19:15тер чамасында тергөөчү болсо, сизди адвокаты жок эле күбө катары сурайм деп алдап түнкү саат 22:00 баштап сурак кылат. Андан кийин гана бир саат отургузуп коюп, тергөөчү өзү чыгып кетет. Кайра келип адвокатын чакырат дагы, Каныбек Осмоналиевичти күбөдөн айыпкерге которуп, анан СИЗОго түнкү саат бирде камап коёт. Бул эмне деген мыйзамды одоно бузуучулук! Эки суткадан кийин 1-май соту Чынгыз Бердимуратов деген 2 айга камалган чечимди шашып-бушуп токуп коюп, күлүмсүрөгөн бойдон чыгып кетип калды. Эми аларга дагы Кудай бардыр! Кана сот реформасы? Кана айтылып жаткан адилеттүүлүк? Каныбек Осмоналиевич өзү абдан эрктүү киши. Өмүр бою жупуну гана жашап, ак эмгеги менен элге кадыры сиңип келди. Эми саясат деген ушундай экен. Ар кандай ыпылас нерселерди дагы таңуулап жүрүшту. Анын баардыгын башын өйдө көтөрүп жеңип келди. Азыр деле ошондой болот, буюрса. Мен ага ишенем. Бир гана тынчсызданганым Каныбек Осмоналиевич 2 жолу инфарктты башынан өткөргөн эле. Кечээ жолугушканыбызда жүрөгүнүн абалын сурасам: “Баары жайында!” – деп койду. Деги эле кыңкыстап оорусуна даттанган жан эмес. Оор басырык менен эле көтөрүп коёт. Аны өзүнүн даарыгерлери деле билишет. Эми атабызды Жараткан өзү сактасын деп 5 балам менен тиленип отурам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости