www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салынат

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салуу меселеси каралды. Бул тууралуу кече, 17-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттөгү брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салынды. Бирок жүк ташуучуларга өлкөгө кирүүдө чектөө коюлбайт.

«Республикалык штабда бардык чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салуу талкууланды. Жүк ташуучуларга гана чектөө жок болот. Анын өзүнчө процедуралары бар. Тышкы иштер министрлиги тиешелүү билдирүүнү берет. Көптөгөн мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат», - деди ал.

Өмүрбекова кошумчалагандай, бул чаралар коронавирустун өлкөгө кирүүсүн алдын алуу максатында кабыл алынып жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости