www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин “NazarNews” сайты кыргыздын эң алдыңкы модель кыздарын коомчулукка таанытуу максатында “Сулуу жан” аттуу жаңы рубрикасын бир ай мурун ачкан. Бул рубрикадан ай чырайлуу кыздар тууралуу кеңири маалымат алып, алар эмгектен сфера тууралуу кеңири маалымат аласыздар! Сулуу жандар менен дагы да тааныштырууну улантып, бүгүн биз эгиз модель кыздар Мадина жана Медина Талипбековалар менен маектештик.

-Моделдик кесипти тандаганга чейин силер сулуулук сынактарына катышып келгенсиңер. Мына ушундай сынактар Кыргызстанда кандай деңгээлде өтөт?

Медина: - Ооба, биз буга чейин сулуулук сынактарына катышып келгенбиз. Мадина 14 жашында “Бишкек сулуусу” конкурсуна катышып, алдыңкы орунга ээ болгон. Ал эми сынактар тууралуу айта кетсем, ар ким ар кандай өзүлөрүнүн деңгээлдерине жараша уюштурушат. Кээ бир сынактар аралаш баш аягы жок болуп уюшулса, кээ биринен эч бир кымтык таба албайсың.

Акыркы жылдары Кыргызстанда мындай сулуулук сынактар маданияттуу уюштурулуп, бир топ жакшырды. Албетте, бизде да бир аз катачылыктар болот. Дүйнөлүк денгээлдеги сынактар менен эч салыштырып болбойт. Катышуучу кыздар арасында да атаандаштык күч болот. Бирок, биз катышкан сынактардагы бардык катышуучу кыздар менен мамилебиз эң жакшы. Азыркы күнгө чейин жолуккан жерден саламамыбыз түз.

-Ал эми моделдик кесипти эмнеден улам тандап алдыңар?

Мадина: -Мединанын кесиби негизи модельер. Бала чагыбыздан ырга, бийге шыктуу болуп өскөн жаныбыз эс тарткандан кийин башка тармактарга кызыгып, аралашканга туура келди. Модель кыздарды көрүп, алардын сулуулугуна суктанып, кийип чыккан кийимдерине кызыгып, “Көшөгөнүн артында эмне кызыктар болот” деп жүрүп, өзүбүз да аралашып кеттик. Көнгөн адам үчүн оор кесип эмес. Хобби катары алектенип, иштесе болот. Кээ бир учурда кыйналып, тажаган күндөр да кездешет.

-Азыркы учурда көз карандысыз моделсиңерби же кайсы бир агенттик менен контрак түзүп иштешесиңерби?

Медина: -Жок, биз азыр көз карандысыз моделбиз. Биз эч качан кимдир бирөө менен контракт түзбөйбүз. Себеби, биринчиден, ата-энебиз каршы. Контракт дагы өзүнчө бир жоопкерчиликтүү юридикалык документ. Экинчиден, биздин контракт түзгөнгө жашыбыз жете элек. Азыр биз он сегиз эле жаштабыз. Буга чейин көп адамдардан иштешүү тууралуу көп сунуштар түшкөн.

Ал үчүн биздин ата-энелерибиздин уруксааты керек болчу. Уруксааттын жоктугунан да биз эч ким менен контракт түзгөн эмеспиз. Азыр биз көп иштер менен алек болуп, досторубуз чакырган жерлерге барып эле катышып турабыз. Эркин модель болуу аябай жакшы. Кимдир бирөөгө көз каранды болбойсуң, эксперимент жасай билесиң.

-Модель болуу менен Кыргыстанды чет жакка тааныткыңар келеби?

Мадина: -Албетте, болот. Бул тармактан сырткары дагы алектенген көп иштерибиз бар. Балким, алар менен да чет жакка чыгабыз. Биз көп кыялданабыз чет жакка чыксак деп. Модель болуу менен сөзсүз түрдө таантсак болот. Бирок, жашоодо тоскоол болуп койгон көп проблемалар жаралат. Мындан сыткары Медина экөөбүз үйдүн эң кенжелери болгондуктан, ата-энелерибиз бизди эч жакка чыгаргылары келбейт.

-Сулуу моделдерге ашык болгондордун катарын толуктаган кээ бир компаниялар, ишканалар бирге иштешүүнү калашат эмеспи. Силерге буга чейин мына ошондой компаниялар “Биздин рекламага тартылып, бренд болуп бергиле” деген сунуштар түштү беле?

Медина: - Ооба, мындай сунуштар чоң-чоң белгилүү компаниялардан көп түшөт. Бирок, биз тартылууну каалабайбыз. Мындай нерселерди биз жаман көрөбүз. Толук да даяр эмеспиз. Балким, убакыт өтүп кийинчерээк эле тартылып калбасак. Кээ бир учурда окуубуз менен байланыштуу болот. Мисалы, Мадинага окуу жайы тасмаларга тартылууга тыюу салат. Ал жакта үчүнчү курсту аяктаган соң гана каалашыңча тартыла берсең болот.

- Моделдер ар дайым саясатчылардын, белгилүү адамдардын көз кырында жүрүшөт эмеспи. Кээ бир кыздар жашына карабай, байлыгына карап турмушка чыгып алып жатышат. Силерге да өзүңөрдөн улуу адамдар сүйүүлөрүн арнаган күндөрү болду беле?

Мадина: -Ооба, модель кыздарды иренжиткен ушул маселелер. Бизге мындай сунуштар түшкөн эмес. Мына ушундай жаман адамдардын, ыплас нерселердин айынан биздин моделдик бизнестен алыстоого туура келип жатат. Ата-энелерибиз ушундай нерселерден коркушат. Аралашпагыла дешет. Өзүбүздүн эле аталарыбыздай адамдар сүйүүлөрүн арнагандары таптакыр туура эмес. Уят иштер булар.

Бирок, биз мындай нерселерге каршы чыгып жатсак, кээ бир жаш кыздарыбыз аларга макулдуктарын беришип эле турмушка чыгып жатышат. Аларды талкуулап, күнөөлөгөнгө биздин акыбыз жок. Өзүлөрүнүн баштары өзүлөрүндө. Эң башкысы биз ата-энелерибизди уят кылбай, таза жүрсөк болду. Ар ким бул жашоодо өзү үчүн жашайт жана жооп берет.

-Модель кыздардын көпчүлүгү эксперимент кылып, подиумга бардык кийимдерди кийип чыгууну каалашат эмеспи. Силер буга чейин бикини менен подиумга, сахнага чыгып көрдүңөр беле?

Медина: - Албетте, эксперимент кылууну көп адамдар каалашат. Бирок, бир бикини менен буга чейин чыккан эмеспиз жана чыкпайбыз. Мындай сунуштар түшсө, дароо эле отказ беребиз. Мисалы, сулуулук сынактарында деле бикини менен чыгасыңар дешсе, катышпайт болчубуз.

Сынактарга бикини жок үчүн катышканбыз. Кыргыз кыздарына бикини менен чыккан жарашпайт. Анткени, менталитетке туура келбейт. Кыргыз кыздары бикини жок эле өзүлөрүнүн сулуулугун даңкташса болот. Ал эми бассейнде же көл жээгинде эс алууда жүргөндө кийип алышса жакшы болот. Ал эми сахнага, подиумга кийип чыгууга таптакыр карышыбыз.

-Эгиздердин ортосунда кээде түшүнбөстүктөр болуп көп ооруп калышат эмеспи. Силерде да бул нерсе барбы?

Мадина: -Ооба, эгиздер бир аз алсыз болушат эмеспи. Кичине бир нерсе болсо эле ден-соолугубуз жабыркап, ооруп калабыз. Ал эми түшүнбөстүктөр тууралуу биз курбу кыздардай болуп калдык. Анткени, бардык ички сырларыбызды бири-бирибизге айтып, бөлүшөбүз. Көбүнчө бирге жүрөбүз. Ойлорубуз дагы көп жерден бир чыгып калат.

Кээде мен айтып жаткан нерсени Медина ойлоп жаткан болот. "Мен да ушуну айтайын деп жаткан болчумун, сен каяктан менин оюмду окуп койдуң?"- деп күлүп калабыз. Кээде таарынышып калабыз. Бирок андай учурда бат эле таарыныч жазылып, кечирим сурашып, кайра эле каткырып, унутуп калабыз. Чынында бири-бирибизсиз кызыксыз эле болуп калат. Абдан көнүп калганбыз. Мындан ары турмушка чыгып эки ажырымга түшсөк кандай болот деп ойлоп коёбуз.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости