www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата Мекен социалисттик партиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин жалпы кыргыз элин куттуктоосу

Урматтуу мекендештер, аталар - апалар, ага - ини, эже-карындаштар!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Сиздерди кирип келген ыйык, касиеттүү Орозо айы менен чын дилимден куттуктаймын. Орозо – руханий жаӊылануунун жана тазалануунун айы. Мезгилдердин эң ыйык жана берекелүүсү. Орозо айы – жан-дүйнөдө береке-кут ташыган, руханий байлык көрктөнгөн мезгил.

Ылайым туткан орозоӊуздар кабыл болсун! Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, элибизге бейпилдик, ынтымак ырашкерликти каалайм! Жараткан Алла Таала жалпыңыздардын жан дүйнөңүздөргө бактылуулук берип, ийгиликте, сабырдуулукта жана чың ден-соолукта жашаңыздар!

Урматым менен: Өмүрбек Текебаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости