www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын кайталангыс примадонносы Алла Пугачёва жыл сайын 15-апрель күнү туулган күнүн өзгөчө майрамдайт. Бул жылы эстен кеткис көз ирмемдерге бай болду. Өзүнүн адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен адамды тартып турган Алла туулган күнүндө биз менен жан дүйнөсүндөгү сырлары менен бөлүшүп кайтты.

Атактуулук

Коркунучтуу нерсенин баары атактуулукта. Эң башкысы: сен эч качан өзүң тууралуу адамдарга чындыкты айта албайсың. Мен журналисттер менен мага кызыктуу нерселер менен гана бөлүшөм. Бул абдан кайгылуу... Айрым журналисттер ойлорунан да чыгарып жиберишет. Алар ойлоп табышпада, анда...

Адамдар

Жылдар алмашкан сайын улам жаңы муун келет. Мен дагы бир башка ырчы айымдын ордуна келдим. Эми мен башка ырчы айыммын. Убакыт адамды тарбиялайт. Адам ошол убакыт аралыгында өзгөрүлөбү, адам катары калыптана алабы өзүнө гана көз каранды.

Маанай

Маанайыбыздын ар дайым жакшы болушу өзүбүздөн гана көз каранды. Жамандыктын баарын өзүбүздөн алыстатып, жаныбызга жакшы адамдарды курчап, жакшы нерселерди гана сүйлөшсөк баары биз ойлогондой болот.

Акча

Мага акча мен өзүмдү адамдардын алдында алсыз, керексиз сезип калбаганга жеткидей керек. Мен балдарыма, неберелериме жардам бере алышым керек. Үй-бүлөлүк бюджет бузулбашын дайым каалайм.

Чыгармачылык

Чыгармачыл адамдар үчүн иш- акыл жана жан дүйнө. Албетте, мен бир чекитти тиктеп кечке олтура бербейм. Менин пикиримде музыка угуу, чет өлкөгө чыгуу, кесиптештеримдин концерттерине баруу бул- чыгармачылык.

Кийим

Чапташкан кийим өзүңдү ишенимдүү сезүүгө, эркин кийим өзүңдү эркин сезгендигиң үчүн жагат. Эч качан кийимди өзүңдөн бийик койбо! Сен кандай кийим кийип турсаң да, адамдар менен тил табышып, сүйлөшө аласың. Ыңгайсыз бут кийимдерди көгөндө чыдамымды баса албайм. Тап такыр жакпайт! Менин бутум абдан кичине жана назик. Дайыма чоң эмгек менен өзүмдүн бутума жарашкан жана ыңгайлуу бут кийим табам.

Макияж

Үйдө макияж менен жүрбөйм. Бир жакка чыгаарда сөзсүз боёном. Себеби, мени көргөндүн баары сүрөткө тартышат. Мен аларга даяр болушум керек. Калың коюлган макияждан көрө, боёксуз мен абдан жаш көрүнөм.

Пластикалык хирургия

Мен пластикалык хирургия менен саламдашкам. Бул нормалдуу көрүнүш. Баарынан мени Брижит Бардо кызыктырган. Ал эмнеге пластикалык операция жасаткысы келбейт? Ал жылдыз да. Колунда баары бар. Аны сүйгөн адамдардын алдында эмнеге өзүн ишенимдүү, сулуу, сексуалдуу сезгиси келбейт?

Депрессия

Депрессия болбогон адам болбойт деп билем. Ал түрлүү кырдаалда, алсыздыктан, жаман кылыктардан улам келет. Аны жеңүү үчүн алдыга гана кадам таштоо кажет. Адам эң биринчи өзүн сүйсө, анда депрессиядан алыс болот.

Аялдардын достугу

Аялдар мени менен тап такыр достошпойт. Эгер достошушса, алар узакка жана түбөлүккө мени менен бирге дос болушат. Менин андай досторум абдан аз. Мен көп нерсени кечире алам.

Сын

Мурда абдан алсыз элем. Кийин өзүмдү коргоо үчүн баарына жооп берүүгө, агрессивдүү, күчтүү болууга, айтылган сындарга маани бербөөгө жана кулап калбоого үйрөндүм. Бул нерсе адамга абдан жардам берет экен. Азыр мен көбүрөөк ден-соолугумду ойлойм. Эгер адам таланттуу болсо, максатына жете алат. Сынчылар менен сүйлөшүү ийгилик алып келбейт.

Жаш курак

Менин жаш курагым канчада экенин унутуп калам. Бул тууралуу тап такыр ойлонбойм. Кетет, кетет, эң башкысы ден-соолук болсун! Менин азыркы мамилем мурдагыга салыштырмалуу жаш. Көп жыл мурун мен улуу көрүнүшүм керек болсо, азыр өзүм, өзүм... Бардык нерсени көтөрөм... Бактылуумун!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости