www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көйгөйлөрдү арзаныраак чечүүнүн бир жолу.

Чоң Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга,Өзгөндөгү көчкүдөн жапа чеккендерге Өкмөт жардам кылып бирден ушундай контейнер бериши керек. Бул тууралуу пикирин Баткен облусунун тургуну Ибрагим Балтабаев билдирди.

"Жалпысынан алганда 1500 дөй контейнер керектелет. Жашоочулар өздөрү жылуулап алмак. Бир контейнер азыр орто эсепте 70 миң сом. 70х1500= 105 0000 сом. Бул акчаны Өкмөт тапса болсо керек. Ичин жылуулашка бир контейнерге 70 миң сом сарпталат(аны өздөрү жасап алышат.) Бир контейнерге 40 даана гипсокартон(40х300=12000), саморез, профиль 5000 сом, айнек 3шт, эшик 3 шт х 4 000 сом =24 000 с. Уста кызматы 20000 сом, шифер, тактайы 9000 с,жалпы 70 000 сом. Болгону ошол курулуш материалдарын ошол контейнердин ичине жүктөп ала келиши керек. Жапа тарткан жарандар убактылуу ошол үйдө жашап турушса 2,3 жылда башка үй салып алышмак. 1500 миң үйдү 1 млндон курганга караганда алда канча жеңил вариант. Бир контейнер үй 140 миң сомго бүтөт болгону, бардык материал даяр болсо үй 10 күндө бүтөт. Жер титирегенге да туруштук берет. Өкмөткө жеткирип койгулачы. Эгер ушул демилгени колдой турган болушса өзүм 10,15 курулуш бригадасын түзүп, курулуш иштерине бекер жардамдашууга даярмын" - деген демилгесин көтөрүп чыкты Ибрагим Балтабаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости