www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк дүйнөсүнөн сахнага кадам таштап, жагымдуу ырлары, таланты менен Орто Азия элине таанылган Мустафа Сандал экени көпчүлүккө белгилүү. Өз теңин чыгармачылыктан таап, ата статусуна ээ болуп, бактылуу күн кечирип жаткан ырчы мырза менен болгон маек назарыңыздарда!

- Мустафа, үйдө кимиңиздер балдар менен көбүрөөк алек болосуздар?

- Өзүңүздөр билгендей жубайым дагы ырчы, биз бири-бирибизди абдан жакшы түшүнөбүз. Эмине экөөбүз үчүн биринчи орунда үй-бүлөбүз турат, андан кийин гана жумуш. Балдарыбызга убакыт жок болуп жатса дагы жылыштырып тапканга аракет кылабыз. Себеби, балдарды көңүл буруусуз таштап кетүүгө болбойт өзгөчө кичүүбүздү.

Ал биз гастролго кетип жатканыбызда аябай ыйлайт. Ыйлаган бойдон аны бала багуучуга таштап кете албайбыз. Мына ошондуктан биз иштин баарын алдын ала пландап алабыз. Эгер мен гастролго кетсем, Эмине балдар менен үйдө калат. Балдарыбызды эфирлерге чыгарууну каалабайбыз, себеби жеке жашообуз менен үй-бүлөнү аралаштырганга мүмкүн эмес!

- Бир тармакта жүргөн түгөйлөргө жашоо кыйын дешет. Буга кошуласызбы?

- Жок, тап такыр кошулбайм. Тескерисинче бир тармакта жүргөн абдан жакшы. Бири-бирибизди түшүнөбүз, ырчы болуш кандай экенин жакшы билебиз. Мен ойлойм, башка тармактагы аял менен жашай албасам керек деп. Ал мени түшүнө алмак эмес. Күндө кызганычтын айынан уруш-талаш болмок. Мындан улам жашоого эч мүмкүндүк болбойт эле. Мен Элимени жолуктурганыма бактылуумун. Ал менин тоодой бактым!

- Жубайыңыздын үнүндө маселе жаралганы чынбы?

- Бул чындык эмес! Анда баары жакшы.

- Элиме менен дуэт ырдаган жагабы?

- Менде, анда дагы экөөбүз бирге иштегенге көңүл жок. Ар кимибиз өз чыгармачылыгыбыз менен алек болгонубуз жакшы. Эгер ыр экөөбүзгө тең жагып калса, анда дуэт кылып ырдоо тууралуу ойломокпуз.

- Бирок, бирге аткарган ырыңыздар бар го...

- Ооба, ал биздин ортодогу чечим менен болгон. Ал эми дуэт болуу тууралуу тап такыр ой жок.

- Үч жылдан чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз эле. Ал учурда эмне менен алек болдуңуз?

- Чыгармачылыкта эч качан пауза кармаган эмесмин. Болгону мени тасмага тартылууга чакырышкан, тартуу иштери Нью-Йоркто жүрдү. Аны менен бирге дүйнөлүк шоу-бизнеске аралашып көрүү тууралуу ойлорумду ишке ашырсам деп баргам. Узак убакыт Европада болуп, ал жактан көп ырларды жаздырдым. Мына ошондуктан Турцияда ыр жазып, альбом чыгарбадым.

- Азыр да бала кезимде телевизордон көргөн Мустафадай эле экенсиз. Жаш көрүнүүңүздүн өзгөчө сыры барбы?

- Менде эч кандай сыр жок. Жумасына бир жолу спорт менен машыгам. Бул мага жетиштүү. Чынын айтсам, күндө спорт залга барган адамдарды түшүнбөйм. Спорт менен көп алек болбош керек, себеби анын зыяны көп. Тамактануума ар дайым көз салып турам. Баардыгын катары менен жей бербейм. Ар дайым жаш бойдон калуу үчүн позитивдүү болуп, адамдарды жакшы көрүп, жаман ойлордон алыс болуу керек деп эсептейм.

- Каприздүү адамсызбы?

- Жок. Мени башка өлкөгө концертим менен чакырышса, ал жакка барганда уюштуруучуларга өзгөчө шарттарды койбойм. Мени менен иштеген абдан жеңил. Ар дайым жөнөкөй, адамгерчиликтүү болсон, анда сени сүйүп, сыйлашат.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости