www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу боюнча ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 10-майга карата 45 турак-жайды, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 мечитти жана 35 электр мамысын, айыл көрүстөнүн, мектептин пайдубалын басып калган.

Мектептин курулуш материалдары буга чейин КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга көчкүрүлгөн.

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, 4 соцобъект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан.

Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости