www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакта атактуу ырчы Ани Лоракты Украинанын куралдуу күчтөрүн каржылаган деген кептер көп айтылып келген. Бүгүн, ырчы айым бул кептер тууралуу “Өзүм тууралуу жалган маалыматтардын көптүгүнөн коркуп калдым. 2008-жылдан бери Россиядагы карапайым эл мени абдан сүйүп, тааныган. Жүрөгүмдүн чакырыгы менен жетимдерге жардам берем, мен өзүм интернатта окугандыктан, үй-бүлөлөргө, Украинадан келген качкындарга жардам берем. Мен эч качан эч кимге аскердик жардам көрсөткөн эмесмин жана көрсөтүүгө да ниетим жок, анткени бул менин ишенген нерселеримдин баарына карама-каршы келет. Мен саясатчы эмес, ырчымын. Сүйүү жана музыка гана бизди тынчтыкта бириктире аларына чын дилимден ишенем", - деп агынан жарылып берди.
Эскерте кетсек, Каролина Мирославовна Куек, Ани Лорак деген ат менен белгилүү, украин эстрада ырчысы, Украинанын Эмгек сиңирген артисти, Украинанын Эл артисти. 2008-жылдары ал Россияда популярдуулукка жеткен. Ал "Евровидение-2010" сынагына Украинанын атынан "Shady Lady" ыры менен катышып, экинчи орунду алган.
Булак: NazarNews.kg