www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ар кыл айыптар менен айыпталып камакка алынган саясатчыларга жооп берди.

"Түрмө силерге мамлекеттен тартып алган пансионатыңар эмес. Түрмө атайы тарбиялоочу мекеме. Эгер ал жакта болуп калуудан качсаңар, мамлекетте төңкөрүш уюштуруп, коррупциялык жолдорго барбагыла. Отуз жылдык тарыхыбызда үч ирет төңкөрүш болду, бирибизди-бирибиз камадык, бирок элдин жашоосу оңолуп кеткен жок", — деди Ташиев.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын октябрь айында "Кемпир-Абад" иши боюнча "мамлекеттик төңкөрүшкө" айыпталып камакка алынган саясатчылардын бир бөлүгү абакта кысым болуп жатканын, аларды атайы абак бөлмөлөрүндө кармап жатканын билдиришкен.

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор саясатчылар менен жолугуп чыгып, кыйноо катары эсептеберин, бирок шарты катаал камераларда кармалып жатканын билгилеген.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости