www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Көз карандысыз эксперттер тобу ушундай тыянак чыгарышты.

Бул топ 2020-жылы Оксфорд университетинин окумуштуулары менен чогуу Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, июлда көптөгөн киши оорунун курмандыгы болорун божомолдошкон. Алардын божомолу тастыкталган эле.

Алдын ала тыянакка ылайык, алдыдагы эки апта ичинде оору жуккандардын саны күнүгө 1500ге чейин жетиши ыктымал.

Оорунун жайылышын изилдеген көз карандысыз эксперттердин арасында «Сорос Кыргызстан» фондунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов, СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова сыяктуу адистер бар.

19-июнда Кыргызстанда 870 кишиден коронавирус аныкталды. Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүгө 500-700дүн тегерегинде болуп келди. Соңку 20 күндө эле жүздөн ашуун бейтап көз жумду.

Оорунун жайылышына карата Бишкекте жана аймактарда коомдук жайларга жарым-жартылай чектөөлөр коюлуп, өкмөт элди этият болууга чакырууда. Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. 19-июнга карата 92 миңден ашуун адам эмделди

Булак: NazarNews.kg

Последние новости