www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон Жакупова:

Акчанын сыртка карай агымы күчөйт. Мындай пикриди NazarNews маалымат агенттигине “Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова билдирди. 

--"Биринчиден, акчанын сыртка карай агымы күчөйт. Бизнес ушундай абалга кептелди: ишкер таза иштегиси келсе да система ага бут тосот. Бажыдан өтүү, кайсы бир лицензияны алуу, тендерден утуу баары акча менен бүтөт. Ошондой экенин баарыбыз эле билебиз. Биздеги эң бай адамдар бизнесмендер эмес эле мамлекеттик кызматтагылар. Ошол себептүү бизде бизнес көмүскө иштейт. Көмүскө иштегенден кийин төккөн акчасы да көмүскөдө болот. Биз киреше өзүбүздө калгыдай шарт түзүшүбүз керек. Бирок азыркы системада бизнесмендер бизде болгон эрежелер менен иштөөгө аргасыз.

Ар бир ишкерге 10-15 жыл мурдагы иштер боюнча илинчек тапса болот. Ошол эле салыктан качуу, тендер жана башка. Себеби, биздин системанын эрежелери ушундай. Бизнес ага ылайык иштеп жатат. Биз бул жерде күнөө ишкерлерде эмес, системаны жараткан мамлекетте экенин моюнга алышыбыз керек. Биз бул эрежелерди сындырбасак болбойт. Көйгөй адамдарды камоо жолу менен эмес, системаны оңдоо менен чечилет", - дейт Жакупова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости