www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык "Ассанабил" кайрымдуулук фонду Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерине жети тез жардам автоунаасын өткөрүп берди. Автоунаалардын экиси өпкөнү жасалма дем алдыруучу портативдүү аппараттар, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдылып, реанимобиль стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө.
Унааларды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Эл аралык "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми катышты.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Эл аралык "Ассанабил" кайрымдуулук фондуна көрсөтүп жаткан гуманитардык көмөгү, анын ичинде медициналык мекемелерге берилип жаткан жети тез жардам автоунаасы үчүн ыраазычылык билдирем. Заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган жети тез жардам унаалары заводдон атайы буюртма менен сатылып алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, фонд тарабынан өлкөгө биринчи ирет көмөк көрсөтүлүп жаткан жок. Фонд аркылуу бир нече ийгиликтүү ишке ашырылган социалдык долбоорлор бар, анын катарында саламаттык сактоо тармагында да ишке ашкан долбоорлор бар. Бул тез жардам унаалары эпидемия учурунда өзгөчө зарыл болуп саналат», – деп белгиледи вице-премьер-министр.
Булак: NazarNews.kg