www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн шаарында заманбап мектеп курулду

Ош облусунун Өзгөн шаарында заманбап мектеп курулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, А. Навои атындагы №6 орто мектепке барды.

2008-жылдын январь айында болгон жер титирөөнүн натыйжасында мектептин имараты 4-даражадагы зыянга учураган. Бирок башка имарат жок болгондуктан, окуучулар авариялык абалдагы имаратта окуусун улантууга аргасыз болушкан.

Азыркы учурда курулуш иштери аяктап, сыртын жакшыртуу жана класстарды жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мектептин директору Яшнаржан Бачилов 525 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилгенде окуучулар менен мугалимдердин көптөн берки көйгөйү чечилерин белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу республикалык бюджеттин пландалбаган чыгымдарына карабастан, биринчи кезектеги милдеттерди, айрыкча, авариялык мектептерди жана аймактардагы кароосуз калган ооруканалардын имараттарын оңдоп-түзөөгө каражаттар токтотулбайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков балдарды колдоо боюнча саясаттын алкагында окуучулардын билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл буруларын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости