www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ош облустук башкармалыгы "Кактус Медиа" порталынын Ош шаарындагы кабарчысы Марат Уралиевди күбө катары суракка чакырды. Ага бир ай мурун тойканадагы мыйзамсыз өтүп жаткан мааракени чагылдырганы себеп болгон.

Кабарчынын айтымында, милиция кызматкерлери 14-август күнү саат 10:00гө расмий чакыруу тапшырып кетишти. Ага чейин бир нече жолу телефон аркылуу чакырышкан.

"Азырынча мыйзамсыз аракеттер деле болгон жок. Кечээ түндөсү 22:00дө, бүгүн да эртең менен телефон аркылуу суракка чакырганы эле болбосо... Экөөнө тең айттым, "расмий кагаз менен чакырсаңар барам" деп. Эми мунун зарылчылыгы деле жок болчу. Анткени, биз барган учурда милиция, өкмөттүн өкүлү биз менен чогуу болчу. Видео тасма деле Интернетте турат. Эмне себептен чакырганын түшүнгөн жокмун. Менден башка деле толтура журналисттер бар болчу", - деди Уралиев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы да журналист күбө катары чакырылганын тастыктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости