www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамкатоо кызматы: ID-картаны алуу кымбаттайт

Ушул жылдын 17-августунан тарта 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

ID-картаны алуунун жогорулашына акысыз бланктардын чыгарылбай калганы себеп болду.

2017-жылдан бери Мамлекетти каттоо кызматы жарандарга атайын чип орнотулган паспорт берип келет. Чипте жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке номери, туулган жылы, дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту, сүрөтү жана электрондук кол тамгасы камтылган.

"Буга чейин Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) грант иретинде 1,9 миллион даана бланк берген. Келишим боюнча келерки бланктарды акы төлөп алышыбыз керек. Бир бланктын баасы 206 сом", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам алгачкы жолу паспорт алып жаткан жаран 470 сом (206 сом бланк, 241 сом персонификациялоо, 23 сом банк кызматтарына) төлөшү керек. Ал эми биринчи жолу шашылыш түрдө алып жаткандар 1260 сом (206 сом бланк, 516 сом персонификациялоо, 518 шашылыш түрдө документ даярдоо, 20 сом банк кыматтарына) бериши зарыл. Бул документ 8 күн ичинде даярдалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости