www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөлөргө журт которгон кишилердин көчү акыркы эжыйырма жылда туруктуу бойдон калды. БУУнун 15-январда жарыяланган баяндамасына караганда, мигранттар 2020-жылы 281 миллиондой кишини, б.а. жалпы дүйнө калкынын 3,6 пайыздай бөлүгүн түзгөн.
Бирок алдын-ала эсептөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус илдети былтыр мигранттардын көчүн 2 миллиондой кишиге азайткан.
БУУнун баяндамасы миграция – дүйнөлөшүү заманынын ажырагыс өзгөчөлүгү болуп калганын айгинелейт. COVID-19 илдетинен келип чыккан ар кандай чектөөлөр жана жумуш орундарынын кыскарышы мигранттардын ата журтунда калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн турмуш-тиричилигине кыйла кесепетин тийгизген.
Эл аралык эмгек мигранттардын үчтөн эки бөлүгү дүйнөнүн 20дай гана мамлекетинде жашап жана иштеп келет. Өзгөчө мигранттардын көбү АКШда байкалат. Маалыматка ылайык, АКШда 2020-жылы 51 миллион мигрант жашап, өлкөдөгү жалпы калктын 18 пайызын түзгөн.
Булак: NazarNews.kg