www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиядагы нааразычылык акциялары COVID-19 пандемиясынан улам чек аралар жабык турганына байланыштуу көпкө созулуп кетти. Бул тууралуу аталган республиканын президенти Александр Лукашенко "Россия 1" телеканалына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, мурунку менен мындагы шайлоодон кийинки кырдаалды салыштырганда өтө деле чоң айырмачылык байкалган эмес.

"Мында болгону көпкө созулуп кетти. Эмнеге? Себеби жадагалса силер дагы (Россия — ред.) чек араңарды жаап алдыңар. Анан Россияда иштеп жүргөн миңдеген адам бул жакта калып калды, алар иштегиси келбейт. Мен сиздерди жемелеген жокмун, жөн гана айтып жатам. Митингдердин көпкө созулушунун объективдүү себеби ушунда. Ар бир шайлоодон кийин сөзсүз ызы-чуу чыгат, автоинспекторлордун машинасы өрттөлөт, 2010-жылы өкмөт үйүнө чабуул коюлган. Бизде өкмөт үйүнө чынында эле чабуул жасалды. Муну кабыл алуу оор, бирок бул факт", — деди Лукашенко.

Ошондой эле мамлекет башчысы Беларуста соңку күндөрү 10-12 миңдей адам гана акцияга чыгып жатканын, бирок адамдар аны сүрөткө тартып Telegram-каналдардан "200 миң адам" деп берип жатканын айткан.

Эске салсак, Беларустагы массалык нааразычылык акциялары 9-августта президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң башталган. Анда мамлекеттин азыркы лидери Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңип чыккан. БШК президенттин добуштардын 80,1 пайызын алгандыгын билдирген. Ошондон бери өлкөдө саясий абал тынчыбай, митинг коштогон окуялар улам кайталанып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости