www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет айдыңында полиция кызматкерлерин коркутуп, артынан түшүп кубалаган Казакстандык абышканын видеосу талкуу жаратууда.

Видео тасмада жашы улгайып калган аксакал менен полиция кызматкерлеринин арасында пикир келишпестик чыгып жатканын көрүүгө болот. Анда “ай-буга” койбой кызматкерлерге атырылган адам ачуусу менен чөнтөгүндөгү калемпир баллонун алып чыгып полиция кызматкерлеринин көзүнө чачып жиберген. Кеминде эки кишинин көзүнө баллон чачканга жетишкен абышка калган полиция кызматкерлердин артынан сая кубалап, ар тарапка качырганын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, улгайган адамдын үйүнө барган полиция кызматкерлери жубайлар арасында чыккан жаңжалды басаңдатып, текшерүүгө келишкен. Ишине кийилигишкен адамдарга ачуусу келген адам да аларга кол салган. Анын мындай кылыгы айрым интернет колдонуучуларын күлкүгө салса, айрымдары полицияга кол салууга эрки жеткен абышкага таң калышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости