www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурда аскадан секирип элди таң калтырган депутат Дастан Бекешев колунда көзүрү көп экенин ачыктады. Көпчүлүк күтпөгөн кадамдарды жасап калкты таң калтырган Бекешев эми ырдап чыкты.

“Сизди (эгер сиз билбесеңиз) Кыргызстандын V жана VI чакырылыштарынын Жогорку Кеңешинин эффективдүү депутаттарынын бири - Дастан Бекешев менен тааныштырайын. Ал политик гана эмес, чыгармачыл адам да болуп чыкты”, - дейт эстрада ырчысы Самат Доолотбаков.

Мындай сөздөрү менен ырчы Дастан Бекешев менен чогуу ырдаган видеосун YouTube каналына жүктөгөн. Анда атактуу А'Студио группасынын “Джулия” аттуу чыгармасын бирге ырдап чыгышкан. Доолотбаковдун таттуу үнү менен айкалышкан Бекешев кулакка жагымдуу тандем түзө алышкан өңдүү. Видеонун алдындагы комментарийлерде "Азаматтар", "Бекешев мени шок кылды", "ОГО" деп гана таң калгандар арбын. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости