www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Эл аралык туруктуу алтаистика конференциясынын (ПИАК) «Алтай тектүү дүйнөнүн элдик оюндары жана аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары» деп аталган 61чи жыл сайын өткөрүлчү  отуруму ишин жыйынтыктады.

Конференцияга 16 өлкөдөн 160 илимпоз катышты. Бул жолку илимий жыйын Кыргыз Республикасыныны Президенти Сооронбай Жээнбековдун колдоосу алдында өттү.

Венгрия, Германия, Япония, Казакстан, АКШ, Кытай, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Польша, Румыния, Түркия, Корея, Франция, Чехиядан келген алтай таануу жана чыгыш таануу илимдеринин ар кыл тармактарынын адистери өздөрүнүн учурдагы иш-аракети, долбоорлору жана келечекте жарык көрчү эмгектери жөнүндө акыркы  маалыматтары менен бөлүштү.  

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Эл аралык түрк академиясынын президенти профессор Дархан Кыдырали, ПИАКтын башкы катчысы профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле,  жана ПИАКтын 61чи жыл сайын өткөрүлчү отурумунун төрагасы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Сынару Алымкулова  конференциянын салтанаттуу ачылыш аземинде жыйын катышуучуларына куттуктоо сөз менен кайрылышты.

ПИАКтын отурумунун бөлүмдөрүнүн илимий талкуулары 2018-жылдын 28-30-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өткөрүлдү.

ПИАКтын жылдык отурумунун катышуучулары пленардык жана бөлүмдөрдөгү жыйындардын жүрүшүндө алтай таануу жана чыгыш таануу көйгөйлөрүн жана алтай тектүү дүйнөнүн элдик спорт жана башка оюндарынын салттарын сактоо жаатындагы өзгөчө бай тарыхый мурасын мындан ары терең иликтөө боюнча өз сунуштарын билдиришип, атайын резолюция кабыл алышты.

Резолюцияда төмөндөгү милдеттерди жүзөгө ашыруу сунуш кылынды:

-Алтай тектүү дүйнөнүн элдеринин спорттук жана башка элдик оюндарынын тарыхын жана салттарын ар тараптуу изилдөө жүргүзүү;

-Алтай таануу көйгөйлөрүн, археологиялык, этнографиялык, тарыхый, архивдик, фольклордук, тилдик, ономастикалык жана башка тармактарда эл аралык биргелешкен узак мөөнөттүү, системалуу изилдөөлөрдү уюштуруу;

-Алтай тектүү элдердин фольклорунун, анын ичинде эпостук мурасынын аз иликтенген өңүттөрүн салыштырмалуу изилдөө жана бул адабиятты англис жана башка тилдерде  жарыялоо;

-Кыргыз Республикасынын университеттери менен илимий мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлүк университеттердин тарых, тил, чыгыш таануу факультеттеринде жана илимий-изилдөө мекемелеринде алтай таануунун ар тараптуу маселелерин ар өңүттө иликтеген жаш адистерди даярдоого салым кошуу;

-Кыргыз Республикасынын алтаистика маселелерин изилдөөсүнө багытталган  иш-аракеттерин колдоо.

Жыйынтыктап жатып, Конференциянын катышуучулары Кыргызстанда Эл аралык туруктуу алтаистика конференциясынын

61чи отурумун уюштуруу жана аны жогору деңгээлде өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбековго, Кыргыз Өкмөтүнө, Президенттие Аппаратка,  Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана башка ишке тартылган тараптарга терең ыраазычылыгын билдиришти.

ПИАКтын жылдык отуруму аяктаган соң, чет элдик катышуучулар 2018-жылдын 2-3 сентябрында  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Чолпон-Ата шаарындагы расмий ачылыш аземине жана «Кырчын» жайлоосунда өткөрүлө турган маданий-этнографиялык иш-чараларга катышууга чакырылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости