www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматына киришүүсүнөн кийинки алгачкы сапарларынын бирөөсүн апрель айында Түркияга жасаган. Ошол сапарда кеңейтилген курамдагы делегациялар арасында болгон жолугушууда тышкы саясаттан экономикага чейинки маселелерде алгылыктуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Боордош өлкө катары меймандарыбызды тосуп алуу, жеке өзүмдү жана элибизди кубанычка бөлөгөн. Ал сапардан кийин көп өтпөй эле мен дагы Стратегиялык кызматташтык башкы кеңешинин отуруму, Түркия-Кыргызстан бизнес- форуму жана Түрк кеңешинин 6-саммити сыяктуу маанилүү иш чараларга катышуу максатында эртең Кыргызстанга бара тургандыгым абдан толкундатып турат.

Кыргыздардын жоргосуна эч бир ат тең келе албайт

Орто Азияда бир маданият курган Кыргызстандын өсүшү, Саян-Алтай тоолорунан баштап, Чынгыз Айтматов сыяктуу залкардын чыгышына чейинки барган кайталангыс бир баян. Кыргыздардын жоргосуна эч бир ат тең келе албагандай эле, соотунан да ок өтпөйт. Кыргызстан дүйнө адабиятында теңдеши жок Манас эпосу жаралган өлкө. Бул жааттан даанышмандардын чөлкөмү болгон Кыргызстан менен орток маданиятыбыз аркылуу түзгөн байланышыбыз мындан ары да улантылат.

Түркиянын көөнүндө Кыргызстан өзгөчө орунга ээ. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкы тааныган өлкө Түркия болгон. Эгемендүү Кыргызстан менен кыска убакыттан кийин эле дипломатиялык мамилелерди түптөдүк жана саясый, аскердик, экономика жана башка көп тармактарда бекем жана узак мөөнөттүү кызматташтыктарды түздүк.

Түрк Кеңешинин 6-саммити бүт дүйнөгө кайрылуу

Эки өлкө президенттери тарабынан 1997-жылы кол коюлган “Түбөлүк достук жана кызматташтык келишими”, 1999-жылы жарыяланган “Түркия жана Кыргызстан: Биргеликте 21-кылымга билдирүүсү” жана 2011-жылкы “Стратегиялык кызматташтык башкы кеңешинин түзүлүшү боюнча бирдиктүү билдирүү” бүгүнкү ынтымагыбыздын мөөрү болуп эсептелинет. Ушул сыяктуу ишеничтүү пайдубалга курулган эки өлкөнүн биримдиги, Ислам кызматташтык уюму, Экономикалык кызматташтык уюму жана Түрк Кеңеши сыяктуу күчтүү жана таасирдүү уюмдар аркылуу ишенимдүү түрдө бекемделүүдө. Бул багытта Кыргызстанда Түрк Кеңешинин 6-Саммитинин Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан менен бирге өткөрө тургандыгыбыз бүт дүйнөгө күчтүү бир кайрылуу болмокчу.

Учурдагы ааламдашкан экономикалык борбордун олуттуу түрдө сызыгынан жылгандыгы күмөн туудурбай турчу чындык. Ушул өзгөрүүнү алып келген жаңы муктаждыктар менен бирге транспорт жана энергетика түзүмдөрү да турат, Түркия да ушул олуттуу бурулуштун шериктеши болду. Өлкөбүз боордош мамлекеттер менен достук жана соода көпүрөлөрүн куруу максатында болгон күчүн жумшоодо. Бээжинден Лондонго созулган темир жолун Мармара деңизи аркылуу өткөрүп, Азиядан Европага созулган ааламдык маанидеги кызмат көрсөттүк. Бир учу Европага, экинчи учу болсо Кытайга жөлөнгөн, Каспий деңизин басып өткөн Чыгыш-Батыш орто өтмөк долбоору болсо абдан маанилүү геостратегиялык транспорттук байланыш демилгеси болуп эсептелинет. “Заманбап Жибек жолу орто өтмөк” катары билинген ушул долбоордун эң маанилүү баскычы катары Азербайжан менен биргеликте жүргүзгөн Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоору эсептелинет.

70 миллион эли, кенен инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана сабаттуу адамдык ресурсу менен катар жылына 350 миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү ички дүң продукциясы менен Орто Азиянын күн өткөн сайын мааниси жогорулоодо. Ошондуктан түрк дүйнөсү катары болгон потенциалыбыз, күчүбүз жана байланыштарыбызды толук иштетүү менен экономикалык өндүрүмдүүлүктү көрсөтүүбүз керек. Эл аралык соода механизмин доллар кынжысынан куткаруу максатында стратегиялык кадамдарга баруу үчүн кызматташтыкты бекемдөө шарт. Кээ бир мамлекеттерде иш жүзүнө жергиликтүү акча менен эл аралык соода жүгүртүү практикабыз Кыргызстан жана Түркия үчүн ийгиликтүү болоруна ишенем. Анткени бир борбордун кызыкчылыгы үчүн курулган эл аралык соода системасын жокко чыгаруу учуру келди. Бул жаатта Кыргызстан менен макулдашылган соода жана инвестициялык долбоорлор өлкөлөрүбүздү күчтөндүрүп, стратегиялык кызматташтык кеңешинде каралчу маселелер бул багытта кызмат кылуусуна ишеничим терең.

Тарыхый байланыштарга таянган эки өлкөнүн мамилелери саясый жана экономикалык кызыкчылыктарга таянбаганын айтуунун кажети жок. Түркиянын Атажуртубузга өзгөчө маани бергендигин биргеликте жүргүзүп жаткан ишмердүүлүк аркылуу көрүүгө болот. Бул иш сапарыбызда Кыргызстанда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышамын. Түрк аба жолдорунун башкы демөөрчү катары, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) өнөктөш катары, ТРТ жана Анадолу Агенттигинин медиа өнөктөш катары иш чарага катышуусу, маданий мурасыбызга бирге маани бергенибизди көрсөтөт. Кыргызстанда ийгиликтүү өткөн бул оюндардын төртүнчүсү 2020-жылы Түркияда болушу толкундатып турат, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бул иш чарага боордош кыргыз элин мамлекетибизге чакырам.

Билим берүү тармагында азыркы учурда 1700гө жакын Кыргыз студенттери өлкөбүздө билим алып жатат. Булардан тышкары бүгүнкү күнгө чейин 4375 Кыргызстандык студент Түркия стипендиясы алкагында билим алды. Дүйнөнүн бир катар аймактарында сапаттуу билим берүү мекемелери аркылуу иш-аракет кылган, басылмалар чыгарган, стипендия жана жатакана мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылган “Маариф” фондун Кыргызстанда ачуу үчүн көргөзгөн аракеттерибиздин жемиштерин жакында алабыз. Өлкөсүнө, мамлекетине жана улутуна ишенимдүү муун өстүрүүнү каалаган жана арадагы байланышты бекемдөөнү максат кылган “Маариф” фондунун, бир тууган Кыргызстан үчүн албетте бир пайдасы болоруна ишенем.

Учурдан пайдаланып, Түркиянын башына келген 15-июль чыккынчы төңкөрүш аракетин эскерүү менен бул төңкөрүштүн аркасында турган ФЕТОнун жалгыз гана Түркия үчүн эмес, дүйнөлүк коркунуч экенин белгилеп кетүүнү туура көрдүм.

Биздин күчтүү күрөшөбүз уланып жатса да ФЕТО, ДЕАШ сыяктуу, ПКК жана YPG сыяктуу жашоосун дагы деле улантып келе жаткан глобалдуу коркунуч. Бул глобалдуу коркунуч менен күрөшүү жана калктарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн биргеликте күрөш жүргүзүүгө муктажбыз.

Белгилүү болгондой Түркиянын дагы күчтүү жана таасирдүү башкаруусунда 2023-2071-жылдарга чейин коюлган максаттарга жетүүгө чоң көмөк көрсөтө турган Президенттик Өкмөт системасына өттүк. Бул өзгөрүштүн аркасы менен тышкы саясатыбызда да глобалдуу системанын чынжырларын үзө турган жаңы эволюция­лык стратегияларды жүргүзө баштадык. Теңсиздик жана адилетсиздик өкүм сүргөн глобалдуу системанын адамдык баалуулуктарына маани бербей, чектен чыккан маселелерди биз, Түркия чыныгы досторубуз жана шериктештерибиз менен биргеликте чечүү жолдорун табабыз.

Муну менен катар террордун чек арабыздан өтүп келүүсүнүн алдын алуу үчүн күрөш жүргүзүү менен катар аскердик тажрыйбабызды бөлүшүп жатабыз. Муну ишке ашыруу үчүн өлкө тышындагы инвестицияларыбыздын көлөмүн арттыруудабыз жана Түркиядагы пайдалуу инвестицияларды колдонууну каалаган бизнесмендерге да өлкөбүздүн эшиги ачык. Кызматташкан ар бир өлкө менен өз ара пайдалуу иш-аракет кылуу баштапкы максатыбыз. Бул максатта Кыргызстан менен да максималдуу орток пайда табуу үчүн масштабдуу түрдө колдонула турган бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетикадан коргоо тармагына, кыймылсыз мүлктөн транспортко, саламаттык сактоодон билим берүүгө чейин өз ара соода жана инвестицияларды көбөйтө турган кыймыларакеттерди ыкчам түрдө ишке ашыруубуз абзел. Урматтуу Президент Жээнбековдун өткөндө жасаган иш сапарында тар жана кеңири форматта өткөргөн жолугушууларыбызда жетишилген макулдашууларды, жакынкы күндөрдө өз ара кызматташтык келишимдери аркылуу анык кадамдарга айландырабыз.

Экономикалык жактан бири-бирине таяныч болгон дос жана орток өлкөлөр, эл аралык мамилелерде да бири-бирине жөлөк-таяк болот. Түркия жана Кыргызстан сыяктуу кадыр-барктуу эки өлкөнүн биргелешкен күч биримдиги аркылуу ырааттуу түрдө жол алуусу, дипломатиялык мамилелерди бекемдөө менен бирге улутубуздун да экономикалык жана маданий жактан өнүгүүсүнө салымын кошот.

Террор, климаттын өзгөрүүсү жана чоочундарга душмандык сыяктуу өлкөбүзгө азап алып келген глобалдык маселелерге да күчүбүздү бириктирип бирге күрөшүүбүз керек. Маданият жана билим берүү тармагы баш болуп, илим, жаштар иштери, спорт, архив жана китепканачылык сыяктуу ар түрдүү тармактарда мамлекеттик жана коомдук түрдө өлкөлөрүбүздүн иш-аракет кылуусу сөзсүз түрдө пайдалуу болот.

Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, бизди дос жана өнөктөш кылган орток тилибиз, тарыхыбыз жана маданиятыбыз гана эмес, коопсуз жана гүлдөгөн келечек куруу үчүн жумшаган каалообуз жана эркибиз.

Өзүмдүн жана калкымдын атынан Кыргызстан менен болгон достугубузга көрсөткөн сый-урматыбызды дагы бир жолу кайталап, Кыргыз Республикасын 27-эгемендүүлүк жылы менен куттуктайм.

Түрк туугандарыңыздын саламын аманат катары, Кудай буюрса эртең боордошторум сиздерге ала келем.

Режеп Тайип Эрдоган, Түркия Республикасынын Президенти

Булак: NazarNews.kg

Последние новости