www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Amnesty International» уюмунун докладында Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүп жаткан медиктердин массалык түрдө укугу бузулгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул маалыматка Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында Кытай Эл Республикасында, андан кийин башка өлкөлөрдө жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышы тууралуу маалымат чыккандан баштап, Саламаттыкты сактоо министрлиги инфекцияга каршы даярдык көрүп, коронавирус маселеси боюнча республикалык ыкчам штаб түзүлүп, керектүү ресурстарды эсептеп чыгуу боюнча иш-чаралар башталган.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк рынокто жеке коргонуу каражаттары жетишсиз болуп жана эпидемия күч алган мамлекеттер тез убакыттын ичинде бардык  каражаттарын сатып алып башында ал каражаттар жетишсиз болгон. Мындан улам Covid-19 инфекциясы көп мамлекеттерде тарап, ДССУ жеке коргонуу каражаттарды өндүрүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө чакырган.

Жакынкы күндөрдө жеке коргонуу каражат менен камсыздоо бардык мамлекеттерде жетиштүү болуп, Кыргызстан дагы COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерин толук кандуу жеке коргонуу каражаттар менен камсыздоого жетише алды.

Бардык сатылып алынган жана гуманитардык жардам катары тапшырылган каражаттар дароо республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатты. Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттарын рационалдык жана туура колдонуу боюнча окутуулар дайыма жүрүп жатат.

Ошондой эле, медициналык кызматкерлердин арасында коронавирус менен катталгандар жана каза болгондордун расмий статистикалык маалыматы ачык жана транспаренттик принциптер менен жарыяланып турат.

Эске салсак, эпидемия башталган учурда эле өкмөт тарабынан COVID-19 менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерге, жумуш учурунда COVID-19 вирусун жуктурган жана каза болгон учурларда компенсация төлөп берүү чечим кабыл алынган. Ал эми вирус жуктурган же каза болгон учурда компенсациялык төлөмдөр бардык шарттарды карап чыгуудан кийин берилет.

"Медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр өз убагында төлөнүп жатат, бардык төлөмдөр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан берилген табелге ылайык төлөнөт. Андан сырткары эпидемиялык процесс турукташкан учурда медициналык кызматкерлер Ысык-Көлгө реабилитация үчүн жиберилген. Азыркы тапта 2500дөн ашык медик Ысык-Көлгө барып, эс алып келишти", - деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости