www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын жогорку лигасындагы "Иокогама" футбол клубунун чабуулчусу Кадзуёси Миура 54 жашында расмий оюнга чыгып, лиганын тарыхында эң улуу футболчу болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости аталган клубдун Instagram баракчасына таянып жазды.

Мындай рекордду ардагер-футболчу "Кавасаки Фронтэйл" клубу менен конокто болгон беттеште жасады. Оюнда талаа ээлери 3:2 эсебинде уткан. 54 жаштагы чабуулчу негизги курамда оюнга чыгып, беттештин 56-мүнөтүндө алмаштырылган.

Буга чейинки жетишкендик дагы бир япондук спортчу Масаси Накаямага таандык болгон. Ал 2012-жылы 45 жаш, эки ай жана бир күн жаш курагында "Консадоле Саппоро" клубуна ойногон.

Кадзуёси Миура футболдук карьерасын 1986-жылы Бразилиянын "Сантос" клубунда баштаган. Кийин бразилиялык "Коритиба", "Палмейрас", италиялык "Женоа", загребдин "Динамо" жана башка бир канча командаларда ойногон. Азыркы "Иокогама" командасынын намысын спортчу 2005-жылдан бери коргоп келет. Январь айында ал клуб менен жыл аягына чейин жаңы келишим түзгөн. Бул ардагер-футболчу үчүн профессионалдык карьерасындагы 35-келишим болду.

Миура 2017-жылдын 6-мартында Япония чемпионатынын экинчи дивизионунда "В-Варен Нагасаки" клубу менен 50 жаш 7 күн курагында оюнга чыгып, легендарлуу англиялык футболчу Стэнли Мэтьюздун жетишкендигин жаңыртып, профессионалдык футболдо жашы эң улуу оюнчу болгон.

Андан алты күн өтпөй Кадзуёси Миура тарыхта профессионалдык деңгээлде гол киргизген эң улуу футболчу болууга жетишкен.

Белгилеп кетсек, азыркы тапта "Иокогаманын" курамында Япония курама командасынын легендарлуу футболчусу Шинсуке Накамура да ойнойт. Ал июнь айында 42ге чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости