www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жергиликтүү басылмалардын биринен Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалган 7 адамдан коронавирус табылганы боюнча маалымат чыккан. Бүгүн 17-сентябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы буга төмөнкүдөй маалымат берди.

“Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында (УКЖ) пандемия башталгандан бери эле санитардык эрежелердин нормалары так сакталып келет. Убактылуу кармоочу жайга келген ар бир жаран ден соолугунун таза экендигин тастыктаган ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн белгиленген мөөнөтүндө келип, УКЖ ичиндеги дезинфекция иштерин, ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн атайын дарыгери УКЖда кармалган ар бир жарандын ден соолугун текшерип, көзөмөлдөп турат. Бирок УКЖда кармалган жарандар сотттук-тергөө иштерине, соттук-кароого катышып турушат”

Баткен ОИИБнен билдиргендей, көзөмөл иретинде экинчи жолу анализ тапшырган учурда УКЖда кармалган 6 жарандан 14-сентябрь күнү COVID аныкталган.

“COVID аныкталган жарандар ошол күндөн тарта өзүнчө камераларга жайгаштырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Баткен облусундагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын УКЖнын кызматкерлери санитардык коопсуздук эрежелерин сакташкан жок, вирустук инфекциянын алдын алуу боюнча маалымат бурчу жок деген сөзү чындыкка дал келбейт. Анткени ал жерде кызмат өтөгөн ар бир кызматкер кол кап, антисептикалык каражаттар, беткап менен толук камсыз болушуп, атайын вирустук инфекциялык бурчтар даярдалып, жетекчилик тарабынан күн сайын текшерилип турат“,- деп билдирет облустук милициядан.

Кызыл-Кыя ШИИБдеги убактылуу кармоочу жайында Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери О.Балтабаева тарабынан дезинфекция иштери жасалып, акыркы жолу Кызыл-Кыя ШИИБнин санитардык дезинфекциялоо иштерин жүргүзгөн журналды 2020-жылдын 15-сентябрь күнү толтуруп кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости