www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Казакстан облусунда куш тумоосу чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Бул маалымат Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыкты сактоо уюмуна да кабарланды. Ооруну атайын адистер өлгөн кушту текшергенден кийин тастыкташкан.

Маалыматка караганда, 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин бул облустун 7 районунда канаттуулар кырылган. Учурда ал аймактарда тиешелүү чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле Россия Федерациясы менен чектешкен аймактагы жаныбарларды эмдөө үчүн дары-дармектер даярдалууда.

Канаттуулары кырылган жашоочуларга тиешелүү компенсация берилип жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости