www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы катуу күрөштү баштаган президент Сооронбай Жээнбеков башкы про­курор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, тиешелүү тапшырмаларды берип, сөз соңу бүтүп калганда күтүүсүз көрүнүш жаралыптыр.

Эл астында сурдана көрүнгөн Индира айым шолок­топ ыйлап, кагаздарын чала-була чогултуп, кабинеттен чыгып кетет. Жүрөгү назик Соке кырдаалга түшүнбөй, кыжалаттана жардамчысын чакырып, «билчи, эмнеге ыйлап кетти?» дептир. Андан соң гана баары түшүнүктүү болуп атпайбы…

Көрсө, Жээнбеков башкы прокурор менен иш маселеси аркылуу сүйлөшкөнү, ырааттуу тапшырмаларды бергени, «башкача чектен ашпаганы» үчүн Жолдубаеваны эреркетип, жолго салыптыр да. Ал сүйүнүчтүн ыйы экен.

Бүгүнкү күндө Индира айым «мен Сооронбай Шариповичтин командасы болуп берем» деп айтып, ынандырып атканы дагы эмнени каңкуулайт?..

Булак: "Азия Ньюс" 

Последние новости