www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы эл каттоого байланыштуу суроолор жаралса, кайда кайрылуу керек экендигин эскертет. Муниципалитеттен белгилегендей, эгерде эл каттоонун жүрүшүнө байланыштуу суроолор болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылуу керек:
— Ленин району — 88-73-66;
— Октябрь району — 57-64-38;
— Биринчи май району - 30-08-71;
— Свердлов району — 38-24-68.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталат, ал 10 күнгө - 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат.
Эл каттоого катышуу - жарандар үчүн милдеттүү. Ага Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары тартылат.
Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.
Булак: NazarNews.kg