www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина бийлиги негизги инфраструктуралык объектилер менен калктуу конуштарга сокку уруу күчөгөнүнө тынчсызданууда. Орусиянын Украинага каршы согушунда Мариуполь шаары акыркы күндөрү кармаштын эң талаштуу талаасына айланды.
Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполдун багынуусу боюнча Орусиянын ультиматумун четке какканын, Украина эч качан өзүнүн стратегиялык портунан жана башка шаарларынан, анын ичинде Харьков менен Киевден да баш тартпай турганын билдирди. “Украина Орусиянын ультиматумун аткарбайт . Бул үчүн алар бизди биринчи жок кылышы керек, ошондон кийин гана ультиматум аткарылат”, - деди Зеленский.
Тараптар ок атышууну токтотуу шарттарын иштеп чыгуу боюнча видеобайланыш түрундо сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Зеленский согушту токтотуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушуу зарылдыгын айтууда. Ал - орусиляктар менен сүйлөшүү учурунда жетишилген мунаса жыйынтыктарынын баары жалпы элдик референдумга чыгарылышы керектигин да белгилөөдө.
Акыркы эки аптадан бери Орусия Азов деңизиндеги маанилүү порт болгон Мариуполду курчап алган. Эгер шаар орусиялык көзөмөлгө өтсө, 2014-жылы Москва басып алган Крым Украинанын чыгышындагы Кремль колдогон жикчил аймактар менен кургактан биригет. 400 миңдей тургуну бар Мариуполь шаары эки аптадан бери суу, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майсыз калып, гуманитардык каатчылыкта.
Мариуполдо 2300дөн кем эмес киши өлгөнү айтылууда. Соңку күндөрү Орусия чабуулун күчөттү. Натыйжада ооруканалар, батирлер жана театрлар талкаланды.
Булак: NazarNews.kg