www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда Boeing-737 учак кырсыгынан аман калгандар табыла элек, деп билдирет Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын (CAAC) алдындагы авиациялык коопсуздук департаментинин башчысы Чжу Тао. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат агенттигине «CCTV plus» кабарлады.
«China Eastern Airlines авиакомпаниясынын MU5735 рейси 21-мартта (Пекин убактысы боюнча) 13:16да Куньминден учуп, 8900 метр круиздик бийиктикти сактап, 14:17де Гуанчжоу башкаруу аймагына кирген.
Саат 14:20да диспетчер учактын бийиктиги кескин төмөндөп кеткенин байкап, дароо экипажга бир нече жолу байланышка чыккан, бирок жооп болгон эмес. Саат 14:23тө учактын радар сигналы жоголуп, кийинчерээк ал Гуанси-Чжуан автономиялуу районунун Учжоу шаарындагы Тэнсянь округуна кулаганы тастыкталды», - деди ал.
Чжу Тао ошондой эле коомдук коопсуздук департаменти окуя болгон жерди курчоого алганын белгиледи.
маалыматка ылайык, учакта 123 жүргүнчү болгон, алардын арасында чет өлкөлүк жарандар жана экипаждын тогуз мүчөсү (үч учкуч, беш стюардесса, бир коопсуздук кызматкери) болгон.
Кыйраган учак 2015-жылдын 22-июнунда ишке кирген Boeing 737-800. Кырсыкка чейин ал 8 миң 986 жолу учуп, учуунун жалпы узактыгы 18 миң 239 саатты түзгөн.
China Eastern Airlines компаниясынын Юньнандагы кеңсесинин башчысы Сунь Шиин Boeing 737-800 учагынын каттоо номери B1791 экенин айтты.
Анын айтымында, учак 6,8 жыл эксплуатацияланган жана учууга чейин жарактуулугу боюнча талаптарга жооп берген. Анын техникалык абалы да туруктуу болгон. Борттогу тогуз экипаж мүчөсүнүн учуу тажрыйбасы бар жана бардык талаптарга жооп берген, ден-соолугу жакшы болгон.
China Eastern Airlines жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта жана бардык куткаруучу жардамды көрсөтүүгө даяр, деп билдирди авиакомпаниянын басма сөз катчысы маалымат жыйынында.
China Eastern Airlines авиакомпаниясы 123 жүргүнчүнүн үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышып, аларга жардам көрсөтүү үчүн 100дөн ашык жумушчу топ түзгөнүн кошумчалады.
Жетекчилер ошондой эле жеринде куткаруу иштерине 2 миңден ашуун адам тартылганын, аларга электр жарыгы, байланыш жана башка керекүү болгон бардык каражаттар берилгенин билдирди.
Мындан тышкары, издөө-куткаруу операциясы жүрүп жаткан аймакта тез медициналык жардам борбору түзүлүп, жабыркагандар табылган учурда тез жардам көрсөтүү үчүн жакын жердеги оорукана дайындалып, анда 200дөн ашык дарыгерлер жана медайымдар иштеп жатышат.
Ал арада кыйраган учактын жүргүнчүлөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн атайын автобустар, таксилер жана коштоочулар да уюштурулган.
Эске салсак, 21-март күнү Кытайдын China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кулаганы кабарланган. Алгач анда 133 киши бар деп айтылып, кийин бортто 132 адам болгону аныкталган. Лайнер Куньминден Гуанчжоуга бара жаткан.
Булак: NazarNews.kg