www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл өкүлү “Эл аралык “Манас” аэропортунун” кирешеси көбөйүп жатканына ишенбейт. Бул тууралуу Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда депутат Махабат Мавлянова айтты.

Анын айтмында, “каттамдар 40 пайызга көбөйгөнү менен кирешелер жогорулабай жатат.   

«Отчётторунда аэропорт так маалымат бербей бизди адаштырууда. Эл аралык каттамдардан $ 15га барабар кошумча чогултуулар да анын киреше бөлүгүн толтурууда.

“2013-жылы, бул токтомду кабыл алганыбызда аэропорттун кирешеси 684 миллион сом болчу. Ал эми кошумча кирешеден түшкөн каражаттарды аэропорт өнүгүүгө жумшашы керек эле”, - деди эл өкүлү.

Аэропорттун маалыматына таянсак, Эл аралык каттамдардан түшкөн кошумча каражаттардын жалпы суммасы 2017-жылы 1 миллиард 200 миллион сомду түзгөн.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун берген маалымат боюнча, 2017-жылы эл аралык “Манас” аэропортунун” кирешеси 1 миллиард 834 сом болгон. Фонд андан 656 миллион 200 миң дивиденд алган. Беш жылда “Манас” аэропортунун дивиденди 1 миллиард 634 миллион сомду түзгөн.

Маалымат 24.kg сайтынан которулду

Булак: NazarNews.kg

Последние новости