www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот имаратынын алдында ушу тапта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери пикет өткөрүүдө. Алар колуна Жапаровдун бошотулушун талап кылган жазууларды кармап турушат жана үн катуулаткыч аркылуу чыгып сүйлөп жатышат. Көз каранды эмес байкоочулардын эсебинде, пикетке 500дөй адам чыккан. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жогорку инстанцияда Жапаровдун доо арызын кароону 29-майда баштаган. Ал күнү судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө калган.

Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости