www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Гавайи штатындагы Килауэа вулканынан бүркүгөн лавалар 117 үйдү жок кылды.

Бир ай мурда атылган Килауэа вулканынан бүркүгөн лавалардын себебинен ушул учурга чейин жок болгон үйлөрдүн саны жума күнү 87 деп билдирилген болчу.

Дагы канча үйдүн коркунуч астында турганы жөнүндө болсо маалымат берилген жок.

Жанар тоо атылгандан кийин Пуна аймагынан миңдеген киши эвакуацияланды.

Адистер Килауэа вулканынан бүркүгөн лавалардын 20 чарчы километрдик аянтка жайылгандыгын билдиришти.

Акыркы бир жумадан бери жанар тоодогу жарылуулардын күчөшү жана бүркүгөн лаванын агымынын дагы көп болушунун айынан жооптуу кызматкерлер элден үйлөрүнөн чыгып кетүүлөрүн талап кылышты.

Полиция кызматкерлери жергиликтүү элди «Үйлөрүңөрдөн чыгып кетпесеңер камакка алынасыңар» деп эскертишти.

Аймакта кайталанган жер титирөөлөр да болуп жатат.

Дүйнөдөгү эң активдүү вулкандардын бири болгон Килауэада 1983-жылдан бери атылуулар болуп келе жатат.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости