www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызын бир нече мүнөттөрдөн кийин карайт. Белгилей кетсек, 29-майда соттордун курамы толук келбей калгандыгына байланыштуу соттук процесс токтогон.
Садыр жапаровдун сотуна, Нооманжан Аракабаев, Бөдөш Мамырова, Эмилбек Каптагаев, Камила Талиева, ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов жана Садыр Жапаровдун тарапташтары сот залында олтурушат.
Соттун жүрүшүндө, сот журналистерди залдан чыгарууну айтты. Ага Шарабидин Токтосунов, сотко өтүнүчүн сунуштады. "Эмне үчүн соттор коркот, кайра эле саясый заказ аткарып аткарып атасыңар, эл билсин чындыкты, - деди жактоочу.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылы кыргыз-казак чек арасында камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте камакка алынган. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Булак: NazarNews.kg