www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл өкүлү ыктыярчылар менен жолугушту

Бүгүн Улуттук Кызыл Ай коомунун кеңсесинде эл өкүлү Социал- демократтар партиясынын депутаты Дастан Бекешов ыктыярчылар менен жолукту. Иш-чарага Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлери жана ар кандай курактагы ыктыярчылар катышты.  Жолугушууда ыктыярчылар кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле, эл өкүлү буга чейин  жылдырып келген ыктыярчылар тууралуу мыйзамга сунуштарын айтышты. Эл өкүлү депутаттык ишмердигинен тышкары окуган китептери жана жашоо тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жолугушууга катышкан ыктыярчы Мадина Жетигенова: « Мен бул жолугушуудан дагы бир жолу адамда көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүндүм. Майыптык бул өкүм эмес.Чектөө адамдын аң сезиминде гана болоорун түшүндүм. Буга чейин мен эл өкүлдөрү менен жолуккан эмесмин. Бүгүн депутат менен ой бөлүшүүдө ар тараптуу, интелектуалдуу  жана жөнөкөй адам экенин көрө алдым.  Менин ыктыярчылык демилгеме аябай шыктануу берди.  Жашоого тура максат коюп ага жетуугө дем күч берди », -деп оюн бөлүштү.

«Мен эл өкүлү менен жолугушууга абдан толкунданып келгем. Бирок депутат ар бир ыктыярчынын оюн кунт коюп угуп, сүйлөшүүдө эч кандай чектөө болгон жок. Өзүмдү аябай эркин сезип, олтурдум. Адам баласы ар тараптан өнүгүү менен, ыңгайлуу инвестицияга жумшоо керктигин түшүндүм», - деди ыктыярчы Ариза Батракова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости