www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Ооганстанда атайын заводдордо 1 жылда 8 миң тонна героин өндүрүлөт. БУУнун болжолунда Ооганстандан Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу 1 жылда 90 тонна героин Россия, Европа Америкага өтөт. КР 2016-жылы 166 кг героин кармалса, 2017-жылы болгону 101 кг героин кармалып алынган. КР героин бизнеси гүлдөөдө. Кыргызстанда героиндин акчасы менен кызматтар, депутаттык мандаттар сатылып алынып, көптөр бизнес ачып алышты. 2018-жылы15-16 февраль күндрү Алма –Ата, Жамбул , Түштүк Казакстан обл. күч органдарынан атайын операциясында 35 адам карамалып, анын 33 адамы 2 айга абакка камалышты. Булардын арасында КР 4 жараны, алардын бири КР ЖК “Кыргызстан” фракциясынын дептутаты Асылбек уулу Дамирбек деген да бар экен. Ошентип өлкөнүн беделине эбегейсиз доо кетти! Дагы бир олутту жагдай, героин жаштардын аң-сезимине бүлүк салып, акыл-эсин алып, улуттун генофонун кыйратып бара жатат. Колго түшкөн биздин элгулдар казак тергөө кызматына көптөрдүн ысымдарын айтып берээри шексиз, деген пикирин Жолдошбек Токоев билдирди.
Ал эми белгилүү блогер Акбалык Жумалиева, "Кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүп берип жаткан Нурсултан Назарбаевге чоң рахмат! Сиз болбосоңуз, биздин кылмышкерлер эл өкүлү болуп жүрө бермек. Дагы күрөш күтөбүз. Шафхат Мирзиеев дагы жардам берсе жакшы болот, Эмомали мырза сиз да карап турбаңыз! Биз Таза Кыргызстанда жашагыбыз келет", коңшулаш мамлеткеттердин президенттерине билдирүүсүн жазды.
"Жогорку Кеңештин депутаты оор кылмыш менен Казакстанда кармалып жатат. Кыргызстанда кармалбай жүргөнү канча болду экен? Коррупция менен күрөшүүдө президенттин бекем эрки жана таза командасы болуш керек. Азыр, президентке элдин үмүтү чоң, ишеними таза", деп жазат, журналист Дайырбек Орунбеков.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу) менен айып тагылып, эки айга камакка алынды.
Ошентип Ак үйдөгү аткаминерлерге үстөккө босток, "таш атмайлар" кайрадан башталса, акыркы жылдары Ак үй тарапка алгылыктуу ак баталар айтылбай, калдайган калк тарабынан нараазычылык күчөгөндөн күчөп бара жатат. Чындыгында Ак үй тарапты, "бизнесмендер" курчап турганда, ар ким өзүнүн көмөчүнө күл тартып, эл тарапка ооруна эч ким кепилдик бербейт.
Алсак, тээ элдин үстүнө талп этип кулаган учак, күйгөн Ош базары, өрттөнгөн кыргыз кыздары, 386 млн көккө сапырылган АКШ доллары...Ай-ай аткаминерлер, томуктай эмес, топудай Кыргызстанды оңдой албай эсиңер ооду. Эми ичип тойбогон жалап тоймок белеңер...Минтип эл өкүлү героин менен камакка алынып жатса, уялбай "Кыргызстан" фракциясы БИЛДИРҮҮ таратып, кармалган эл өкүлүн актап коет. Силерде деле бет жок экен...
Булак: NazarNews.kg