www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Башкы прокуратурасы күч түзүмдөрү 15-16-февраль күндөрү өткөргөн масштабдуу операциянын чоо-жайын маалымдап, кармоо учурунда тартылган видеолорду таратты. Бажы аткезчилигине байланыштуу кармалган 30дан ашуун кишинин арасында кыргыз жарандары, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени тастыкталды.

Казакстандын Башкы прокуратурасы жарыялаган видеодо мекеменин расмий өкүлү Оксана Лоскутова бир нече чек ара өткөөлүндө түзүлгөн туруктуу аткезчилик жолдорунун бети ачылганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө 35 шектүү киши кармалды. Арасында Кыргызстандын үч жараны, бажы органдарынын, чек ара кызматынын расмий өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар. Соттун санкциясы менен 33 киши камалды. Атайын операция узакка созулган оперативдүү иштерден кийин жүргүзүлдү. Казак-кытай чек арасындагы "Алтынкөл", "Калжат" жана "Хоргос" бажы посттору, казак-кыргыз чек арасындагы "Кара-Суу" жана "Кордай", Өзбекстан менен чек арадагы "Сарыагаш", "Казыкурт", "Атамекен" жана "Капланбет" участкаларында эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз жол менен ташуу схемаларынын бети ачылды.

​Башкы прокуратуранын өкүлү контрабандалык товар Казакстанга Кытайдан түз эле же жасалма документтер, бажы системасындагы тымызын схемалардын жардамы менен Кыргызстан аркылуу киргизилип турганын белгиледи.

Кармалган шектүү адамдарга чек ара кызматындагы бажы органдарынын жооптуу кызматкерлери жардам берип жүргөн. Алар бажы төлөмдөрүн арзандатып, жүктү коштоону камсыз кылышчу. Андан ары товарлар Казакстан жана Орусиянын ири шаарларына жөнөтүлүп турган.

Лоскутованын айтымында, казак-өзбек чек арасында бажы кызматкерлери жүктү бажыдан өткөрүүнү тездетиш үчүн пара алып келишкен. Бардыгы болуп операциянын жүрүшүндө сегиз кылмыштуу топ жок кылынганы кабарланды. Учурда экономикалык аткезчилик, трансулуттук кылмыштуу топ түзүү, коррупция фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Андан тышкары 76 жерде тинтүү жүргүзүлүп, чоң суммадагы акча конфискацияланган.

Атайын операция учурунда кармалган кыргызстандык жарандардын арасында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар болуп чыкты.

ВИДЕОну көрүү үчүн ушул шилтемени басыңыз: https://www.youtube.com/watch?time_continue=144&v=QwsLbEw_iDQ

Булак: Борбор Азия жаңылыктары

Последние новости