www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гулнур Абдылла кызы Жалал-Абад облусунан болот. 2009-жылы Орусияга барып, Москвага барган. Ал жактан иши анча болбой, эжеси Новый Уренгойго чакырагандыктан, Сибирдин суук климатына карабай кеткен. Ал жактан баар таап, иштеп, өз тери менен тыйын таап, көп нерселерге жетишти. Азыркы күндө кыздарын багып, үй да, унаага да ээ болуп, балдарын бутуна тургузуп жатат. Буга чейин ал Кыргызстанда эле жашачу. 10-класста окуп жатышат. Канат Базарбаев, каза  болуп калган кыргыз-өзбек согушканда. Азыркы күйөөсү Быканов Владимир Иванов Курский облусунан ал дагы ттурмушу жакшы болбогондуктан. Жолдошу кыздарын өз балдарындай кабыл алып, куунак жашап жаткан маалы.

Гулнур эже экинчи күйөөсүнөн таяк жеп 3,5 жыл чыдап жашаган. Күйөөсү аны  көгөртө сабаганын айтат.  Азыр ошол башына жеген алган жараттарынан калган тактары да бар. Мурунку жашоосун эстегиси да келбеген эженин жашоосу жакшы. Үч кызы бар. Кийинки жарыкка келген кызынын ысымы - Елизавета.

- Гулнур эже, кыргыз кыздарына кандай кайрылууңуз бар?

- Кыргыз кыздары биринчиден, абдан чыдамкай келет. Экинчиден, алар үй-бүлөнү курганда аны бузгусу келбей, сабырдуулук менен сактап калышыка бүт күч-аракетин жумшайт. Ошондуктан, кыргызда макал бар: "Келин жаман эмес, келген жери жаман" - деген. Мына ошол макалда бүт баары айтылат. ошондуктан биздин мырзалар айымдарды сыйлаганды билишсе гана, баары жакшы болот. Кыздар мага окшоп чыдабагыла сыйлагыла, турмушуңарды кылгыла демекчимин. Бекерден эле канчалаган кыздар турмушу бузулуп жатат. Эмне үчүн кыздар кыйналыш керек? Кыргыз кыздары да бактылуу болууга татыктуу. Эми беш кол тең эмес, бар арасында жакшылар да, бирок аз гана.

- Башка улутка чыккан кыздарга терс пикир айткандарга эмне деп жооп узатасыз?

- Көчөгө чыгып, эркектердин да аялдардын да жумушун кылган кыргыз аялдарына аябай боорум ооруйт. Мисалга, башка улуттун аялдары эч убакта чоң сумкаларды көтөрүп алып, соода кылып жүрүшөт. Андан суук тийет, буту-колу ооруп калса, "сен ооруулусуң" дегенден башканы айтпайт. Мен мурунку күйөөлөрүмөн бакыт тапкан жокмун! Орус улутундагы күйөөм азыр мени колуна алып багат. мага оор эч нерсе жасатпайт. Мен аны менен сыймыктанам!

- Рахмат маегиңизге!

Маектешкен, Жазгүл Урмамбетова

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости