www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свет кайра-кайра ар башка убакта күнүнө эки-үч ирээт өчүп элди жүдөтүп койду. Эл болсо светти өчүрбөгүлө деп талап кылгандын ордуна, "светти өчүрсөңөр дагы график менен убактысын айтып өчүргүлөчү" дешип жалдырап, суранып байкуш болуп калышты. Себеби, кокустан өчүп, кайра белгисиз учурда күйгөн электр энергиясынан бир топ турмуш-тиричилик техникалары күйүп, чыгым болуп жатышат!
Бийлик эми эл суранып жатат деп, график түзүп светти 5-6 сааттан өчүрүп баштаса таң калыштын кереги жок. Эл өзү ошону каалап, суранып жатышат. 

Бийлик болсо электр энергиясын 1квт Казакстандан 7 сомдон оңбогондой эң кымбат баада (30 жылда мындай болгон эмес) сатып алып жатышса да, элдин муктаждыгын камсыз кыла албай, Кыргызстанда электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болгон жок деп танып, элди келесоо кылууда. Чоңдордун эле үйүндө электр энергиясы өчпөй жыргап жатышпаса, карапайым калк какшап айтып, суукта тоңуп ыйлактап жатышат. Каратып туруп калп айткан бийлик төбөлдөрүндө бет, уят такыр калбаптыр. 

Мына “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында, кызарбай туруп: "Эч кандай маал-маалы менен өчүрүү кылган жокбуз, бул боюнча чечим да кабыл алынган эмес. Болгону жабдуулардын ашыкча жүктөөлөрүнөн болгон жагдайга байланыштуу жөнгө салуучу чараларды жүргүзүп жатабыз", - деп билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда жарыктын бир саатка өчүрүлүшү жөнгө салуу чаралары менен байланыштуу экен. Булар такыр эле калпычы, жандими болуп бүтүшүптүр. 

Коомчулукта" Акаев-Бакиев заманы келдиби" деп зар какшагандар менен" элге сооп жок, чала болот" деп күйгөндөн какшык айтып нааразы болгондор арбып баратат. Мындан улам, Алмазбек Атамбаевдин учурунда бир жолу да свет өчкөн эмес, кененчилик, арзанчылык болгон экен, кадырын билбептирбиз дегендер андан көп. 

Какаганга муштаган болуп, свет күндө эки-үч маал өчүп жатканы аз келгенсип, 220 квт электр энергиясын эмес, болгону 150-180 квт берип жаткан көрүнүш да элдин кыжырын келтирип жатат. 

Анткени, 220 квт толук берилбегендиктен, чай кайнатып же башка нерсе жасаганда электр көп сарпталып, эл көбүрөөк акча төлөөгө аргасыз болууда. Башкача айтканда,  220 квт болгондо электр чайник 3 квт эле сарптаса, 159 квтта ашык 4 квт  жеп, эл чыгымга учуроодо. Бул да болсо элге жасалган кыянаттык. Элдин укугун тебелөө. Бул темп менен жазында элдин чыдамы түгөнүп көчөгө чыгып кетет окшойт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости