www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9–10-март күндөрү Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов Грузиянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Элчи М.Мамытканов Грузиянын Башкы прокурору Георгий Гваракидзе, Юстиция министри Паата Салия жана Ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, укуктук тармактагы өз ара аракеттенүү, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Элчи Грузиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, анда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.