www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-март күнү саат болжол менен 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын жасаган деген маалымат түшкөн. Ал жаранды Васильевский тракт — айланма жол аймагына таштап кеткен.

Бул маалымат боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын 1-ротасынын 5-взводунун кызматкерлери дароо окуя болгон жерге чыгышкан.

Барган учурда маалымат тастыкталып, ошол маалда жүк ташуучу унаа окуя болгон жерден качууга аракет кылган.

МККБ кызматкерлери тарабынан унааны токтотуу максатында куугунтук уюштурулуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына карабастан айдоочу токтобой качууну уланткан.

Куугунтук учурунда айдоочу Алматинская көчөсүнө чыкканда бир нече жолу кызыл жарыкка өтүп, жол кыймылынын башка катышуучуларына олуттуу коркунуч жараткан. Ошондой эле ал каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган.

Жыйынтыгында унаа Муса Жалил — Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочу кармалган.

Кармалган жаран 2006-жылы туулган Т.Д.М. экендиги аныкталды. Текшерүү учурунда ал алкоголдук мас абалында болгону медициналык күбөлөндүрүү актысы менен тастыкталды.

Андан соң шектүү Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, зордуктоо кылмышы боюнча андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

FAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа айып короосуна токтотулду.

 

Последние новости