www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Түркия Респуликасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары, басма сөз катчысы, Коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасынын орун басары Ибрахим Калын менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы эң жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Бишкек кыргыз-түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасын толук кандуу иштетүү, ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун Түркия парламенти тарабынан ратификацияланышына көмөк көрсөткөндүгү үчүн түрк тарабына ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости